Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 8-8-6
Майлуу-Суу шаарынын №5 “Рахат” бала бакчага тѳрт комфортту электр плита сатып алууга 275,0 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматын угуп, карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык Кеңештин VIII-чакырылыштагы VIII-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.А.Маматовтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын №5 “Рахат” бала бакчага тѳрт комфортту электр плита сатып алуу үчүн 275,0 миӊ сом акча каражаты Майлуу-Суу шаарынын мэри Н.Маматовтун сунушу менен жана шаардык кеӊештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечими менен шаардык билим берүү бөлүмүнүн үнөмдөлгөн акча кааржатынан бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэрине ( Н.А.Маматов) жүктөлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеӊештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ю.Токтоназаров) жүктөлсүн.
Шаардык кеӊешинин төрагасы: |
Б.К.Барбиев |