Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-июну №13
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зар-Таш айылынын тургуну Токсонов Эсентайга 0,12 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зар- Таш айылынын тургуну Токсонов Эсентайдын пескоблок чыгаруучу кичи ишкана куруу үчүн сураган 0,12 га жер аянты жөнүндө депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп,Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл-Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деген жарлыгын ишке ашыруу максатында Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Зар- Таш айылынын тургуну Токсонов Эсентайдын өзү пайдаланып жүргөн 0,12 га жер аянтына пескоблок чыгаруучу кичи ишкана куруу үчүн макулдук берилсин.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |