Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-августу №23
Чоң-Талаа айылына бала бакча куруу жөнүндө
2008-жылдын 29-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын делегаттарынын мамлекеттер аралык жолугушуусунун протоколдук тапшырмаларынын негизинде мамлекеттик чек араларды тактоо иштери жүргүзүлө элек жер аянттарына курулуш иштерин жүргүзүүгө мораторий жарыялангандыгына байланыштуу,Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылына курулуучу бала бакчага башка жерден жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Эралиев Исиражидиндин сунушун депутаттар угуп жана талкуулап,Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн административдик имаратына тиешелүү муниципалдык жер аянтынын ичинен, 0,20 га жер аянтына балдар бакчасын куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага |
М.Соорбаев |