Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №33
Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын IV кварталынын сметасына толуктоолорду киргизүү боюнча ФЭБ башчысы Р.Кочкорованын билдирүүсүн депутаттар угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-октябрына карата келип түшкөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акы (14151200) беренесине 900,0 (Тогуз жүз миң) миң,киреше жана чыгаша бөлүгүнө тиркемеге ылайык кошумча киргизилсин.
2. 1-бөлүм Аппаратка 2215 (башка кызмат көрсөтүүлөрдө төлөөгө байланышкан башка чыгашалар) беренесине өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу 2221 (учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар) беренесинен 200,0 сом жылдырылсын.
3. 9-бөлүм балдар бакчасынын 3111 (имаратты куруу) беренесинен Ак-Турпак айылындагы жаңыдан курулуп жаткан балдар бакчасына керектүү эмеректерди жана буюмдарды сатып алуу үчүн 2222 (күнүмдүк чарбалык буюмдарды сатып алуу) беренесине 150,0 миң сом жылдырылсын.
4. 3112 (башка эмеректер жана жабдуулар) беренесине 300,0 миң сом жылдырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |