Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №34
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимиин бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Марипованын билдирүүсүн угуп,Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Баткен райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчун айыл өкмөтүнун штаттык тизмесинен 1 штат бирдиги жетектөөчү адис бөлүнсүн.
3. Өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төрага |
М.Соорбаев |