Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №35
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Марипованын билдирүүсүн угуп,Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын ортосундагы типтүү келишимин бекитилсин.
2. Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгы тарабынан өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчун айыл өкмөтүнун штаттык тизмесинен 2 штат бирдиги;1 башкы адис,1 жетектөөчү адис бөлүнсүн.
3. Өткөрүлүп берилүүчү айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга кеткен чыгымдар Республикалык бюджеттен бөлүнүүчү трансферттердин эсебинен каржылана тургандыгы белгиленсин.
Төрага |
М.Соорбаев |