Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №36
Ак-Турпак китепканасын коопсуз имаратка көчүрүү жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты Жалалов Махматалинин Ак-Турпак китепканасын коопсуз имаратка көчүрүү жөнүндөгү сунушун депутаттар угуп жана кызуу талкуулап,калктын коопсуздугун алдын алуу жана калкты маданий жактан сапаттуу тейлөөнү уюштуруу максатында Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Балакай” балдар бакчасы жаны имаратка көчүрүлгөндөн кийин,Ак-Турпак айылдык китепканасы Балакай” балдар бакчасынын эски имаратынын,жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен курулган 2 бөлмөлүү бөлүгүнө көчүрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевке жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |