Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №39
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ветеринар тарабынан кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитип берүү үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн вет.адиси М.Артыкбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөткөндүгү үчүн прейскуранттын негизинде акы төлөмдөрү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жеке ветеринарына милдеттендирилсин.
3. Көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору М.Артыкбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
М.Соорбаев |