Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-октябры №26/1
Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №20/4-токтомунун 1-пунктуна карата Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.09.2019-жылдагы №11-1534-19 сандуу “Каршылык билдирүүсүн” кароо жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселе боюнча Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.09.2019-жылдагы №11-1534-19 сандуу “Каршылык билдирүүсүн” карап чыгып, Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №20/4-токтомунун 1-пункту колдонуудагы Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин талаптарын одоно түрдө бузуу менен мыйзамсыз кабыл алынгандыктан Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №20/4-токтомунун 1-пункту мыйзамсыз кабыл алынгандыктан Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.09.2019-жылдагы №11-1534-19 сандуу Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №20/4-токтомунун 1-пунктуна карата “Каршылык билдирүүсүнө” негиз Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №20/4-токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын.
2. Кара-Кулжа райондук Прокуратурасынын 30.09.2019-жылдагы №11-1534-19 сандуу “Каршылык билдирүүсүнө”негиз Чалма айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы №20/4-токтомунун 1-пункту жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Чалма айыл Өкмөтүндө бузуулар жөнүндө ишти кароо боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин;
1) Б. Атаканов - айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2) Т.Култаев -айылдык кеңештин депутаты, төраганын орун басары.
3) А.Моношева –айыл өкмөтүнүн экономист-статисти, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4) И.Боромбаев - айылдык кеңештин депутаты
5) Э.Зулпкаров - жергиликтүү жамааттын өкүлү
6) К. Эргешов- айыл өкмөтүнүн ВУС кызматкери
7) А.Балтабаев- айыл өкмөтүнүн жер адиси.
8) А.Абдикеримов- Буйга айылынын айыл башчысы
9) А.Орозов- айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси
3. Комиссиянын курамы Чалма айыл аймагында бузуулар жөнүндөгү Типтүү Жобону аткарууга алышсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын
Төрага |
А. Кадыркулов |