Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-октябры №26/2
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Коңурат жамаатынын жашоочуларынын жыйналышынын 04.10.2019-жылдагы “Коңурат калктуу конушундагы авариялык абалдагы унаа өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү” боюнча чечимин бекитүү жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Коңурат жамаатынын жашоочуларынын жыйналышынын 04.10.2019-жылдагы “Коңурат калктуу конушундагы авариялык абалдагы унаа өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү” жөнүндөгү чечимин угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы Коңурат жамаатынын жашоочуларынын жыйналышынын 04.10.2019-жылдагы “Коңурат калктуу конушундагы авариялык абалдагы унаа өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү” жөнүндөгү чечими колдоого алынуу менен бекитилсин.
2. Токбай-Талаа айылынын Коңурат калктуу конушундагы унаа өтүүчү ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн кетүүчү чыгымдарды эсептеп берүү жагы Чалма айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Култаевге тапшырылсын.
Төрага |
Кадыркулов.А |