Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры №27/2
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы «Мамыт Абакиров атындагы Токбай-Талаа» орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына чыгаан мугалим Бакытбек Абдыразаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы «Мамыт Абакиров атындагы Токбай-Талаа» орто мектебинин эмгек жамаатынын 2019-жылдын 25-майындагы №5 жана Токбай-Талаа айылынын тургундарынын 2019-жылдын 3-июнундагы элдик жыйынынын, Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы «Мамыт Абакиров атындагы Токбай-Талаа» орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына чыгаан мугалим Бакытбек Абдыразаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарын угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы «Мамыт Абакиров атындагы Токбай-Талаа» орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына чыгаан мугалим Бакытбек Абдыразаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Токбай-Талаа айылындагы «Мамыт Абакиров атындагы Токбай-Талаа» орто мектебинин эмгек жамаатынын жана Токбай-Талаа айылынын тургундарынын элдик жыйынынын сунуштары колдоого алынуу менен бекитилсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн Токбай-Талаа айылындагы «Мамыт Абакиров атындагы Токбай-Талаа» орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына чыгаан мугалим Бакытбек Абдыразаковдун ысымы ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрагасы |
А.Кадыркулов |