Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры №27/3
Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы А.Акматов атындагы орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына Сарыбаев Кыяздын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылынын тургундарынын 2019-жылдын 15-сентябрдагы элдик жыйынынын, Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы А.Акматов атындагы орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына Сарыбаев Кыяздын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы А.Акматов атындагы орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына Сарыбаев Кыяздын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Буйга айылынын тургундарынын элдик жыйынынын сунушу колдоого алынуу менен бекитилсин.
2. Чалма айыл өкмөтүнүн Буйга айылындагы А.Акматов атындагы орто мектебинин жаныдан курулган спорт залына Сарыбаев Кыяздын ысымы ыйгарылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык кеңешинин баардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага |
Кадыркулов.А |