Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры №199
Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө
Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата к үз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы №13 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып жана Ош шаардык кеңешинин Регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаевдин жана жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин жетекчилеринин маалыматтары эске алынсын.
2. Ош шаардык мэриясына (Т.Сарыбашов):
-Жылуулук-энергетикалык комплекс, билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринин кышка болгон даярдыгын жана берилүүчү жылуулуктун сапатын көзөмөлдөө;
-Шаардагы жаңы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылуу иштерине көмөктөшүү;
-Электр чубалгыларын авариялык абалга алып келүүчү бак-дарактарды кыюу жана жер алдынан өткөн электр чубалгыларынын үстүнө эгилип калган бактарды жылдыруу;
-Калк арасында кышка даярдык көрүү боюнча отун, арзан баадагы жана сапаттуу көмүр камдоо, көп кабаттуу жана жеке үйлөрдүн эшик терезелерин жылуулоо, борборлоштурулган жылытуу системасына кошулуу багытында тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүү;
-Шаарда айрым электр көмөк чордондору жеке менчиктеги жерлерде жайгашып, аларды тейлөө кыйынчылыктарды жаратып жаткан жерлерде, менчик ээлери менен мыйзамда каралган тартипте иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Жылуулук электр борборуна (А.Аттокуров), «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык ишканасына (Б.Кадырбердиев) жаратылыш газын, мазутту, көм үр отунун толук көлөмдө камсыздоо жана жылуулук түтүктөр үн даярдоо, социалдык обьектилерди үзгүлтүктүз жылуулук менен камсыз кылуу;
-Ош шаардык муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына (Э.Аралиев) көп кабаттуу үйлөрд үн жылуулук түтүктөр үн оңдоо, үйлөрдүн сырткы фасаддарын о ңдоо-сырдоо боюнча муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте иш алып баруу;
-Ош шаардык жолдор башкармалыгына (А.Жунусов), «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына (Д.Токторбаев), «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) күз-кыш мезгилине атайын техникаларды, инерттүү материалдарды жетишт ү ү өлчөмдө даярдоону камсыздоо;
-Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (А.Асанов), саламаттык сактоо мекемелерине (А.Шамшиев) күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин, бекитилген иш-чаралардын негизинде жүргүзүү тапшырылсын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрагасы |
Ж.Ормонов |