Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры №201
Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынанаткарылып жаткан иштер жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15 жана 16–беренелерине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 28-августундагы №40 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө аталган башкармалыктын башчысы А.Жунусовдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
-Монуев жана Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган жол чырагынын иштөө режими боюнча иликтөө жүргүзүп аны жөнгө салуу;
-Монуев көчөсүнөн Мадумаров көчөсүнө чейинки, Ош облустук оорукананын алдынан өтүүчү жолду, бир тараптуу кыймылды уюштуруу менен, жолду ачуу боюнча иш алып баруу;
-Ош шаарындагы ички жолдордун абалын көзөмөлгө алуу жана аларды оңдоо боюнча иш алып баруу;
-аялдамаларга жана айлампа жолдордун жанындагы аралчаларга жеке менчик таксилерди токтотууну жоюу, жолдорго жол белгилерин, жол чырактарын жана талап кылынган тиешелүү кесилиштерге жол чырагынын кошумча ячейкаларын орнотуу;
-Ош шаарынын борбордук аянтындагы, Сай-Бою көчөсүндөгү жол кыймылына коюлган чектөөлөрдү алуу жана коомдук тартипти иретке келтирүү;
-массалык маалымат каражаттары аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндөгү роликтерди, телеберүүлөрдү чагылдырууну колго алуу тапшырылсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4.Токтомдун аткарылышын к өз өм өлд ө ө Ош шаардык Ке ңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Ормонов |