Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры №202
Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы «Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндөгү» №248 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 28-июнундагы «Ош-Жибек» айыл чарба кооперативинин клубунун имаратын Ош шаарынын жергиликтүү маданият жана тарыхый эстеликтерди коргоо шарты боюнча түзүлгөн картасынын 39-пунктун тизмеден чыгаруу жөнүндөгү №208/08-6 катын карап жана талкуулап, аталган имараттын түп-тамырынан талкаланып тарыхый баалуулугу жоголгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесине, Ош шаардык Кеңешинин регламентинин 104-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 3-июлундагы №39 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2007-жылдын 10-августундагы «Ош шаарындагы курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндөгү» №248 токтомунун 29-беренеси менен бекитилген Ош шаарынын жергиликтүү маданият жана тарыхый эстеликтерди коргоо шарты боюнча түзүлгөн картага өзгөртүү киргизилип, 39-пункт менен көрсөтүлгөн «Ош-Жибек» айыл чарба кооперативинин клубунун имараты талкаланып жок болгондугуна байланыштуу тарыхый баалуулугу «жоготулган» деп табылсын.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Ормонов |