Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-сентябры №203
Ош шаарынын айрымаймактарынын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 24-июнундагы “Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан Ош Мамлекеттик Университетинин искусство факультетинин имаратын бузуу менен анын ордуна жаңы окуу корпусун куруу үчүн аталган аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүп берүү жөнүндөгү” №200/08-6, 2019-жылдын 23-сентябрындагы “Ош шаарынын Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндөгү” №325/08-6, 2019-жылдын 12-сентябрындагы “Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн өзгөртүү жөнүндөгү” №Т-616 каттарынын, Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министрлигинин “Кыргызреставрация” илим-изилдөө долбоорлоо институтунун корутундуларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2019-жылдын 3-июлундагы №38, 2019-жылдын 24-сентябрындагы №45 токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан аймактын Ош шаарынын башкы планындагы “Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн “Жогорку окуу жайлардын курулуштары” функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө өзгөртүүгө мыйзам чегинде, тиешелүү жактардын оң корутундуларын алуу шарты менен, макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн «Спорттук жана ден-соолукту чыңдоо мекеме-ишканалардын аймагы» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн «Көп кабаттуу турак жайлар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө өзгөртүүгө мыйзам чегинде, мамлекеттик долборлоо институтунун жана башка тиешелүү жактардын оң корутундуларын алуу шарты менен, макулдук берилсин.
3. Ош шаарынын Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкесинин функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн «Коомдук пайдалануудагы жашыл аймактар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнөн «Көп кабаттуу турак жайлар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө өзгөртүүгө мыйзам чегинде, тиешелүү жактардын оң корутундуларын алуу шарты менен, макулдук берилсин.
4. Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институтуна Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегиндеги аймактын функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүн “Жогорку окуу жайлардын курулуштары”, Ош шаарынын Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр жана Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкелерин «Көп кабаттуу турак жайлар» функционалдык чөлкөмдөштүрүүсүнө, тиешелүү мыйзам талаптарына ылайык, өзгөртүү сунушталсын.
5. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов):
- курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегиндеги, Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр, Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкелеринин шаар куруу түйүнүн эске алуу;
- Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүнүн №4 дарегине, Ташкент, Исанов көчөлөрү, Исанов тар көчөсү жана Як-Калик каналы менен чектешкен, жалпы аянты 2733,0 чарчы метр, Шакиров көчөсүнүн номуру жок дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1197,0 чарчы метр жер тилкелерине курулуштарды курууда СНиПтин талаптарынын аткарылышын көзөмөлгө алуу тапшырылсын.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж.Ормонов |