Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-сентябры №206
Ош шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Ош шаардык кеңешинин депутаттары
С.Назылбеков жана Г.Култаевалардын арыздарын жана “Кыргызстан” депутаттык фракциясынын чечими менен сунушун эске алып, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 39-40-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Ош шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ош шаардык Кеңешинин төмөндөгү туруктуу депутаттык комиссияларынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-”Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Назылбеков Салман Сатыгулович чыгарылып, анын ордуна «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын жана “Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери” боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынын мүчөсү Култаева Гулшаркан Оконовна аталган комиссиянын курамына киргизилсин;
-Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча” туруктуу депутаттык комиссиясынын курамынан «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын мүчөсү Култаева Гулшаркан Оконовна чыгарылып, анын ордуна «Кыргызстан» депутаттык фракциясынын жана “мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Назылбеков Салман Сатыгулович аталган комиссиянын курамына киргизилсин;
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Баймурат уулу) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын. (С. Маматалиева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси К. Камчиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |