Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №3
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобого ылайык, комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнундө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобого комиссиянын курамын бекитуу жөнундө Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясынын берген сунушун карап чыгып, “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнундөгу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 17-бөлугунө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу Типтүү жобого ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен комиссиянын курамына төмөнкү жолдоштор:
Д.Тажибаев Ноокат шаар мэриясынын Вице-Мэри - комиссиянын төрагасы
Р.Маматхалил кызы Ноокат шаардык кенешинин депутаты - комиссиянын орун басары
М.Парпиев – Ноокат шаар мэриясынын алдындагы ММДнын жетектөөчү адиси-катчысы
Мүчөлөрү:
Х.Маткосимов- Ноокат шаардык кеңешинин депутаты
В.Ганиев – Ноокат шаарынын “Кара-Турпак” кварталынын ТОС башчысы, комиссиянын курамына мүчө болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |