Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №8
Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебиненакча каражаттын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражаттын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен
-Бостон кварталынын Төлөнөв атындагы көчөсүнө-65 350 сом;
-Барын кварталынын Зулфия атындагы көчөсүнө-96 750 сом;
-Кара-Турпак кварталынын Жамий атындагы көчөсүнө-25 250 сом;
-Бостон кварталынын Мирмахмудов атындагы көчөсүнө 90 500 сом;
-Бостон кварталынын Халдаров атындагы көчөсүнө 277 500 сом;
-Кара-Турпак кварталынын Уста-Жоро атындагы көчөсүнө-41 400 сом;
-Ноокат шаарынын С.Калбеков атындагы көчөсүндөгү трансформатордун электр кубаттуулугу жетишсиз болгондуктан 250 КВА тарансформатор сатып алуу жана орнотуу үчүн 400 000 (төрт жүз миң) сом;
-Жаны жылдык балатыны кооздоого 105 000 (бир жүз беш миң) сом;
-Ноокат шаарынын С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн көп кабаттуу №41,49,51,52 үйлөрдүн жашоочуларынын, переулоктор менен ички тупик көчөлөрүнө түнкү чырактарды орнотуу үчүн 93 250 (токсон үч миң эки жүз элүү) сом;
-Ар турдуу товар алуу учун 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |