Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №9
Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражаттын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен акча каражаттын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен
-701 бөлүм мэриянын адистеринин кызматтык иш сапарына-100 000 (жүз миң) сом;
-709 бөлүм мектебгече билим беруу мекемелеринин кызматкереринин иш сапарына-30 000 (отуз миң) сом;
-А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ашканасын ондоп түзөө, кошумча жумуштарына 45 000 (кырк беш миң) сом;
-Х.Самиев атындагы орто мектебинин отканасынын моторун жанылоо үчүн - 87 000 (сексен жети миң) сом;
-Уркуя Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин отканасынын моторун жанылоо үчүн 40 000 (кырк миң) сом ;
-Уркуя Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин отканасын ондоп түзөө үчүн 38 000 (отуз сегиз) миң;
-Жеке ишкер Арыновко карыз үчүн 18 800 (Он сегиз миң сегиз жүз) ;
-Ноокат шаарынын калкынын санына жараша бир кишиге мүчөлүк акына 1 сомдон 15 300 (Он беш миң үч жүз ) сом ;
-Ноокат шаарынын аймактарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жаны жыл белек үчүн 127 000 (бир жүз жыйырма жети миң) сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы “Растишка” “Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин” беседкасына пол жасатуу үчүн 80 405 (сексен миң төрт жүз беш) сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы ВИЧ-оорусу менен ооруган бейтаптарга кошумча 90 000 (токсон миң) сом;
-Ноокат аймактык ооруканасынын “Жугуштуу оорулар” бөлүмүнүн базасында жайгашкан, балдарды кабыл алуу бөлүмүнүн дарыгерлерине 25 000 (жыйырма беш мин) сом;
-А.Абдуллаев атындагы орто мектебинин канализациясынын ондоп түзөө үчүн 243 100 (эки жүз кырк үч миң жүз) сом;
-Ноокат шаарынын кызмат унасына 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |