НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2019-жылдын 26-ноябры №10
Ноокат шаарына караштуу Барын кварталына караштуу А.Бадалов көчөлөрүнүн кесилишине 1-комплект жаңы светофор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Барын кварталына караштуу А.Бадалов көчөлөрүнүн кесилишине 1-комплект жаңы светофор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Барын кварталына караштуу А.Бадалов көчөлөрүнүн кесилитшине 1-комплект жаңы светофор орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин эсебинен 698 424 (алты жүз токсон сегиз миң төрт жүз жыйырма төрт) сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |