Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №11
Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы курулган ФАПтын айланасын ондоп түзөө жана сел алып кетген көпүрөнүн кошумча жумуштарын кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы курулган ФАПтын айланасын ондоп түзөө жана сел алып кетген көпүрөнүн кошумча жумуштарын кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен:
-Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы курулган ФАПтын айланасын ондоп түзөө үчүн-550 000 (беш жүз элүү беш мин) сом;
-Ноокат шаарына караштуу Кара-Турпак кварталындагы сел алып кетген көпүрөнүн кошумча жумуштарын кылуу үчүн-550 000 (беш жүз элүү беш мин) сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы 100 орундуу мектегече билим беруу мекемесин куруу үчүн ПСД ын жасатуу үчүн-180 000 (бир жүз сексен мин) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |