Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №12
Ноокат шаарынын аймактарын 2019-2020-жылдары кышка даярдык көрүү үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймактарын 2019-2020-жылдары кышка даярдык көрүү үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймактарын 2019-2020-жылдары кышка даярдык көрүү үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 188 852 (бир жүз сексен сегиз миң сегиз жүз элүү эки) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |