Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 20-августу №21/2

Чүй айыл өкмөтүнүн 2018- жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен калган калдыктарды 2019 –жылга колдонуу туралуу

Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын маалыматын угуп, 2017 –жылдын жыйынтыгы менен Чүй айыл өкмөтүнүн 2019 –жылдын 1- январына карата жергиликтүү бюджетинен 915,6 миң сом акча каражатынын калдыгын Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 –беренесинин 2-бөлүмчөсүнө ылайык төмөндөгү бөлүмдөргө бөлүштүрүү туралуу Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Билим берүү бөлүмү

2231 "Коммуналдык төлөмдөр" - 670,8 миң сом

2.Турмуш тиричилик бөлүмү

3111 "Имараттар жана курулуштар" -430,1 миң сом

3111"Имараттар жана курулуштар" (столбаларды орнотууга) - 460,0 миң сом акча каражаттарынын калдыгын төлөп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы экономика, бюджет комиссиясынын төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн

 

Төрага

З.Амангельдиев