Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-августу №21/3
Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинини 2004 -жылдын 04-августундагы №106 43-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2004 -жылдын 12-августундагы №164 "Жамааттык келишим жөнүндөгү" мыйзамынын 13 беренесинин кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн социалдык -эмгектик кызыкчылыктарын макулдашууда жамааттык келишимге көмөк көрсөтүү максатында сүйлөшүүлөрдү, иштеп чыгууларды, түзүүлөрдү жана аткаруулардыжүргүзүүдө, ошондой эле иш берүүчүнүн кесиптик бирликтер жана башка өкүлчүлүктүү кызматкерлери менен өз ара мамилелердин укуктук негиздерин жетекчиликке алуу менен Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн жамааттык келишими 2019 -жылдан 2021 -жылдын 31 -декабрына чейин бекитилсин.
2. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы, экономика жана бюджет камитетинин төрайымы А.Иманалиевага жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев
|
2019-жылдын 03-июнь 2019-ж
Жамааттык чогулушунда
кабыл алынган
ЖАЛПЫ МАЗМУНУ
Бул жамааттык келишим 0 соуиалдык эмгектик мамилени жөнгө салуучу Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Шакеев Ж.М. жана Чүй айыл өкмөтүнүн жамаатынын атынан профсоюз комитетинин төрайымы Усубалиева Б.Э. биргеликте профсоюз мүчөлөрүнүн укугун коргоого карата түзүлгөн ченемдик укуктук актысы Чүй айылдык кеңешинин XXVII - чакырылышынын №20 отурумунда каралып Чүй айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-августундагы №21/3 токтому менен бекитилген.
жамааттык келишим Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы №164 "Жамааттык келишим жөнүндөгү" мыйзамынын 3 берене жана 2016 -жылдын 8 -августундагы №106 Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 43 беренесинин негизинде түзүлгөн кызматкерлердин укугун жана кызыкчылыгын коргоочу юридикалык иш кагаз болуп эсептелинет, бул келишимде кызматкерлерге кошумча эмгектик жана социалдык женилдиктер каралган.
Жамааттык келшимдин мазмуну сөзсүз аткарылууга тийиш.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеев жана кызматкерлер тарабынан Усубалиева Б.Э. сүйлөшүүлөргө жана жамааттык келишимдерди түзүүдө ыйгарым укуктуу өкүл катары танылды.
Келишимде колдонуучу кыскартылган сөздөр:
ЭК КР- Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси
ЖК КР - Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 21-августундагы №164 "Жамааттык келишим жөнүндөгү" мыйзамы.
1- БӨЛҮМ. Жамааттын экономикалы ишмердүүлүгү жана эмгекке болгон мамилеси.
Чүй айыл Кеңешинин, Чүй айыл өкмөтүнүн кызматкерлердин астында турган башкы милдеттери:
- Кырыгз Республикасынын мыйзамдарын жана Конституциясын аткаруу жана колдонуу;
- Элдерди социалдык жана маданий жактан тейлөө, аймакта жашоону камсыздоо системасын өнүктүрүү жана тштешин уюштуруу;
- Жамааттык келишимдин таркалышына жарадам кылуу, кызматкерлердин социалдык кыйынчылыктарын женилдетүү жана азайтуу, кызматкерлердин арасында келип чыккан талаш- тартышты алдын алуу;
- Уюштурууда, кыскартууда, эмгектик талаш-тартыштарды чечүүдө жана мыйзамдык укуктарын коргоодо чара колдонууда профсоюз мучөлөрүнүн кызыкчылыктарын көрсөтүүсү;
Администьрациянын жана кызматкерлердин ортосундагы эмгектик мамилени башталышы болуп эмгек келишимин жазуу жүзүндө түзүү болуп саналат. КР Эмгек Кодексинин негизинде түзүлөт жана колдонулат. ЭК тузүлгөндө каралган шарттар, бул жамааттык келишимдин белгилүү мазмунунун начарлашына алып келбейт.
1.2. Чүй айыл өкмөтүнүн милдети.
Эмгектин жогорку натыйжалуулугу үчүн зарыл шарттарды түзүү жана эмгек акыны ар бир айдын 5 чейин төлөөгө (ЭК 157-ст).
2017 -жылдын 1 -мартындагы №131 4-1б "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Токтомунун жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү" 31-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык эмгек акы төлөө тутумдарын, кошумча төлөмдөрдү жүргүзүүдө, класттык чиндерди коюуда жа айлык акыларды, кошумча төлөөлөрүн жана үстөктөрдүн өлчөмдөрүн так жүргузүү. Жумушчулар эмгек өргүүгө чыгып жаткан учурда эмгек акы фондусунун эсебинен ден-соолугун чыңдоого материалдык жардам катары эки айлык акы төлөнсүн.
Чүй айыл өкмөтнүн күе тартиби коюлсун:
- Жумуштун башталышы - 8:30 КР Эмгек Кодексинин 101-берене
- Жумуштун бүтүү убактысы - 17:30
- Тушкү тамак ичүү тыныгуу убактысы - 12:00 дон 13:00 го чейин КР Эмгек Кодексинин 110-берене.
Беш күндүк жумуш болсо жумасында 2 дем алыш күн берилет (КР Эмгек Кодексинин 12-берене).
Айрым учурларда жумуш кундөрү караштырылат, о.э. дем алыш күндөрүндөгү жумуш (кезекчилик).
- Коомдук иштерге катышууда;
- Дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрдө иштөө тараптардын макулдашуусу боюнча башка дем алыш кун берүү жана эмгектик өргүүгө кошуу менен, же эки эседен кем эмес өлчөмдө акчалай түрдө компенсация төлөнүп берилет: (КР ЭК 115-берене).
2-БӨЛҮМ. Кызматкерлердин социалдык жана экономикалык укуктары жана кызматкерлерге болгон кепилдиктер
Чүй айыл өкмөтүнүн милдеттери
2.1. Кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүү максатында 2019-жылдан 2021-жылдын 31-декабрына чейин ай сайын кошумча компенсация 6000 (алты миң) сом өлчөмүндө тамактануусуна, жол киресине, турмуш-тиричилик төлөмдөрүнө, тейлөөлөрдө жана товарларга болгон баалардын өсүшүнө байланыштуу, компенсациянын өлчөмүн жогорулатууга КР "Жамааттык келишим жөнүндөгү" мыйзамынын 12-13 беренесинин жана 2017 -жылдын 1-мартындагы №131 4.4. бөлүмү "кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы толөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын токтомунун негизинде аткарылсын.
2.2. Эмгек жамаатынын мүчөлөрүн социалдык колдоо көрсөтүү максатында, кызматтык милдеттин ийгиликтүү жана ак ниетүүлүк менен аткаргандыгы үчүн, узак убакытка чейин кемчиликсиз кызматы үчүн, ченемден ашык кызматы үчүн жана кызматкердин профессионалдык майрамында бир айлык сыйлоо акча каражаты берилсин жана мындан тышкары төмөндөгүдөй сыйлыктар каралсын: беренелеринин негизинде) 2017 -жылдын 1 -мартындагы №131 4-4 бөлүмү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" 2016-жылдын 30-майында №75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык мыйзамдын кызмат жана муниципалдык мыйзамдын муниципалдык кызмат жөнүндө" 31-беренсинин 7 -бөлүмүнө ылайык эмгек акы фондунан кызматкерлерди айлык акысы өлчөмүндө акча каражаты менен сыйлоо жүргүзүүгө жана ошондой эле майрамдык ж.б. дагы акчалай сыйлоо жылдын 4 (төрт) кварталга төлөнсүн.
2.3. 2016-жылдын 30-майындагы №75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык мыйзамдын кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамдын 31-беренесине ылайык кызматкердин ишин балоо туралуу сыйлыктарга көрсөтүүгө.
2.4. Бала төрөлсө бир жолу 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө жолөк пул төлөп берүүгө (атасы-энеси).
2.5. Эгерде кызматкер каза болсо 10 000 (он миң) же болбосо, кызматкердин, жакын туугандары каза болсо (ата-энеси, агасы, иниси, сиңдиси жана балдары) 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө материалдык жардам төлөп берүүгө;
2.6. Эгерде кызматкер толук юбилейин өткөргөндө же болбосо пенсияга кеткен убакта кызматкерге 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө.
2.7.Кызматкерлердин арызы боюнча 3-күнгө акысы төлөнгөн эмгек өргүү берүүгө (никеге турууда жа жакындары туугандары кайтыш болгондо ата-энеси, байкеси эжеси жана балдары).
III - БӨЛҮМ
3. Чүй айыл өкмөтү профсоюз комитети менен макулдашуулары боюнча.
3.1. КР Эмгек Кодексинин 144-беренесинин негизинде уюмдагы ички эмгек тартиби иш берүүчү уюмдун кызматкерлеринин өеклчүлүктүү органы менен макулдашылгандан кийин бекитилген ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат;
3.2. Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 146-беренесине ылайык эмгек тартибинин бузгандыгы үчүн башка айтканда кызматкерге тапшырылган эмгек милдеттери анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткраылган же тийиштүү түрдө аткарбагындыгы үчүн Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы жазаларды колдонуу менен ай сайын төлөнүүчү компенсациядан ажыратууга укутуу;
3.3. Кызматкер эскертүү алган учурда-2016 30-майындагы №75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык мыйзамдын кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" 31 б37-7 беренесине ылайык кызматчыга төлөнгөн, акчалай ар бир кварталдык сыйлоодон 50% нан ажыратууга жана сөгүш алган убакта 100% төлөнбөсүн.
3.4. Тийиштүү негиздер аныкталган учурда иштен бошотууга
3.5. КР мыйзамына жана КР ЭК 128-беренсине ылайык негизги эмгек өргүүсү 28 календарлык күнгө жана эмгек стажысына карата кошумча өргүү эки күндөн беш күнгө чейин берилүүсү тийиш, КР мыйзамдарында коюлган кепилдиктерди колдонуу менен;
3.6. Кызматкерлерди менен иш берүүчү ортосунда макулдашуу боюнча акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Мындан биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календарлык күндөн аз болбоого тийиш. (2004-жылдын 4-августундагы №106 КР ЭК 130-берене) кызматкерди эмгек өргүүдөн өзүнөн макулдугу менен гана чакыртып алууга жол берилет. Ушуга байланыштуу пайдаланылбай калган өргүүдөн бөлүгү кызматкердин калоосу боюнча ошол иш жылы ичинде өзүңө ыйгайлуу мезгилде берилүүгө же кийинки иш жылы үчүн өргүүгө кошулууга тийиш.
3.7. Жумуш эмес майрам күндөрүнүн алдындагы иш узактыгын 1 саатка кыскартылат. (КР ЭК 96-берене).
IV - БӨЛҮМ. Жумушчулардын ден-соолугу жана эмгегин коргоо
Чүй айыл өкмөтүнүн милдети:
- Жумуш ордунда керектүү тартипти камсыздоо, коопсуздук талаптарын сактоого;
- Кызматкердин ден-соолугу зыянга учураса жоопкерчиликти аткарууга;
- Жумушчу орундарында эмгекти камсыздоо, башчынын жана адистердин милдетин жоопкерчилигин аныктоочу кызматтык инструкцияларды иштеп чыгууга жана аткарууга;
-Кызматкерлердин жана алардын үй -бүлөлөрүнө санитардык -курорттук дарыланууларына, эс-алууларын уюштурууга;
- Кызмат акысынан эмгекке жарамсыздык баракчасынын биринчи он эмгек күнүнө 100% өлчөмундө акы жүргүзүүгө, кызмат акысынан жана кошумча төлөмдөрүнөн тышкары;
-Станционардык жана амбулатордук дарыланууларга муктаж болгондорго чыгымдарын толөп берүүгө;
Профсоюздук комитеттин милдеттенмелери:
Жамааттык келишимге кирген иш-чаралардын аткарылышын козөмөлдөө ж.о.э. Чүй айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин социалдык- экономикалык жактан коргоодо ченемдик жоболорун сактоого:
- Эмгектик жана аткаруучу тартибинин ыкмаларын бекемдөөдө; -Чүй айыл өкмөтүнүн жамаатынын белгилүү функционалдык милдеттерин аткарууда;
-Жамааттык келишимге кирген иш -чаралардын аткарылышын козөмөлдөө ж.о.э. кызматкерлерди социалдык- экономикалык жактан коргоодо КР ченемдик- укуктук актыларын сактоого.
-Жамааттык келишимдеги эмгекти коргоо мыйзамдарын жана санитардык, техникалык нормалары жана аныктамалары боюнча коомдук көзөмөлдөөлөрдү уюштурууга;
V - БӨЛҮМ. Профсоюз комитетинин ишкердүүлүгүнүн кепилдиктери.
Чүй айыл өкмөтүнүн милдеттенмеси:
- Шайланган профсоюз активистеринин, өндүрүштөн бошотулбаган убакта профсоюз тарабынан уюштурулган иш чараларга катышууда эмгек акысын сактоого, профсоюздук иштерди аткарууда иш күндөрүнө төлөмдөрдү жүргүзүүгө;
- Сыйлык системаларын, женилдиктер жана социалдык кепилдиктерди профсоюз жумушчуларына таркатууга;
- Профсоюз төлөмдөрүн эсеп-кысап бөлүмү аркылуу кармоо жүргүзүүгө;
- Профсоюз комитети жумуш үчүн керектүү жабдууларды жана имараты, байланыш түйүндөрүн, унааны акысыз акысыз пайдаланууга;
- Чүй айыл өкмөтүнүн турмуш-тиричилик бөлүмүнүн жумушчуларына бир жылда 2 (эки) жолу жумуш формасын жана сүт азыктары берилип турсун;
VI БӨЛҮМ. Келишимдин убактысы жана тараптардын жоопкерчилиги.
Жамааттык келишим 2019-жылдын Чүй айылдык кеңешинин токтому менен бекитилгенден баштап күчүнө кирет, бир жылга же болбосо үч жылга түзүлөт жана ага Чүй айылдык Кенешинин отурумунда каралып токтом менен бекитилип жана тараптар кол койгон күндөн баштап күчүнө кирет жана кийинки келишим тузүлгөнгө чейин. Келишим жолдорунун аткарылышын эки тарап козөмөлдөйт. (КР Эмгек Кодексинин 43-берене). Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эки тараптардын макулдашуулары аркылуу жүргузүлүнөт. (КР "Жамааттык келишим жөнүндөгү" мыйзамынын 14-берене).
Жамааттык келишимдин аткарылышын жыл сайын өткөрүлүүчү Чүй айыл өкмөтүнүн эмгек жамаатынын чогулушунда талкууланат. (КР "Жамаааттык келишим жөнүндө" мыйзамынын 3-берене).
Жамааттык келишимдеги эки тарап, мыйзамдык таоаптарын бузса, КР мыйзамдарында коюлган тартиптерине карата жоопкерчилик тартат. (КР "Жамааттык келишим жөнүндөгү" мыйзамынын 3-берене).
Ушул жамааттык келишимдин мөөнөтү Чүй айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20- августундагы №21/3 токтомунун негизинде 2019- жылдан 2021 -жылдын 31-декабрына чейин тузулсүн.
Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Чүй айыл өкмөтүнүн
Ж.Шакеев ______________
профсоюз комитетинин
төрайымы
Усубалиева Б.Э.____________