Редакцияот 20.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 20-августу №21/4

«Кыргызжылуулук» мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү «Кристалл» ишканасы филиалынын балансында турган мамлекеттик менчик суукамсыздоо объектисин Чүй айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы - Ж.М.Шакеевдин ««Кыргызжылуулук» мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү «Кристалл» ишканасы филиалын Чүй айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү» жөнүндөгү маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Өз алдынча башкаруу» мыйзамынын 31-беренесине, Чүй айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-августундагы № 16/4 ««Кристалл» мамлекеттик ишканасы тууралуу» токтомунун 1-пунктуна ылайык жана депутаттардын пикирлерин, сунуштарын эске алуу менен Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй айылдык кеңешинин 2014-жылдын 13-августундагы № 16/4 кабыл алынган токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: ««Кыргызжылуулук» мамлекеттик ишканасынын Чүйдөгү «Кристалл» ишканасы филиалынын балансында турган мамлекеттик менчик суукамсыздоо объектисин жана каражаттарын Чүй айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлсүн»:

 

№

Негизги каражаттардын аталышы

Инв. номери

Баштапкы баасы (сом)

Баланстык наркы (сом)

1

1-чи ишке киргизүү (пусковой) комплекси

00001

3106631,00

2004793,58

2

2-чи ишке киргизүү (пусковой) комплекси

00002

978037,00

665829,60

3

Суу түтүктөрү 22,5 км

00003

269540,00

204877,22

4

Насос ЭЦВ 10-160-50

00004

165400,00

27325,79

5

Агрегат ЭЦВ 10-160-50

00005

170800,00

64050,03

6

Мазда 121

00006

121000,00

8013,79

7

Фольксваген Бус

00007

21130,00

10063,39

8

Экскаватор

00008

24835,00

4780,40

9

ЕРАЗ3762В

00009

33529,06

16988,30

10

Комплектүү компьютер

00010

22300,00

5575,21

 

Жалпы:

 

4913202,1

3012297

 

2. Ушул токтомдун аткарылышын Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.М.Шакеевге жана Чүй айылдык кеңешинин бюджеттик комитетинин төрайымы А.М.Иманалиевага тапшырылсын.

 

Төрага

З.Амангельдиев