Редакцияот 13.08.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 13-августу №20/1

Чүй айыл өкмөтүнүн 2020-2022 -жылдарга божомол сметалык бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү туралуу

Чүй айыл кеңешинин каржы-экономика жана бюджет комитетинин протоколун карап чыгып, жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаеванын 2017-жылга карата Чүй айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү туралуу маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” Мыйзамынын 31 –беренесине ылайык Чүй айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2020 -2022 -жылдарга Чүй айыл өкмөтүнүн божомол СРС аткаруу иштери Чүй айылдык кеңешинин отурумунда бекитилсин.

2.Чүй айыл өкмөтүнүн 2020 -жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы 40149,8 миң сомго бекитилсин.

Анын ичинен:

- жергиликтүү бюджеттин эсебинен - 35597,2 миң сом

- атайын каражаттар эсебинен - 4552,6 миң сом

3.Чүй айыл өкмөтүнүн 2021 -жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы - 41023,4 миң сомго бекитилсин.

Анын ичинен:

- жергиликтүү бюджеттин эсебинен - 36470,8 миң сом

- атайын каражаттар эсебинен - 4552,6 миң сом

4. Чүй айыл өкмөтүнүн 2022 -жылга божомол жалпы киреше жана чыгаша бөлүмүнүн суммасы - 41127,4 миң сомго бекитилсин.

Анын ичинен:

- жергиликтүү бюджеттин эсебинен - 36574,8 миң сом

- атайын каражаттар эсебинен - 4552,6 миң сом

5. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу иши Чүй айылдык кеңешинин каржы экономика, бюджет комиссиясынын төрайымы А.Иманалиевага , жана Чүй айыл өкмөтүнүн каржы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Малдыбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Амангельдиев