Загрузка документа…
ЧҮЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры №22/1
Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылындагы жаңы таза суу түтүгүнүн курулушуна "Чүй облусттук өнүктүрүү" фондунан акча каражат алууга уруксат берүү жөнүндө
Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айыл башчысы М.Тиленовдун Чүй районунун Садовое айылына "Ак-Жол" арыктан баштап Чүй көчөсүнө чейин суу тутамын куруу долбоорун түзүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Садовое айылынын тургундарынын кайрылууларын эске алуу менен сунушталган долбоордогу иш-аракеттерди талкуулап жана депутаттардын сунуштарын, толуктоолорун кабыл алуу менен Чүй айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй айыл өкмөтүнүн Садовое айылындагы жаңы таза суу түтүгүн курууга "Чүй облусттук өнүктүрүү" фондунан акча каражат алууга уруксат берилсин.
2. Акча каражатка долбоор түзүү жана тийиштүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы Садовое айыл башчысы М.Тиленовго милдеттендирилсин.
3. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Шакеевге жана Чүй айылдык кеңешинин жер маселелер комитетинин төрагасы Р.Токомбаевге жүктөлсүн.
Төрага | З.Амангельдиев |