Загрузка документа…
ИНТЕРНАЦИОНАЛДЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу №86/27-XV
Интернационал айыл өкмөтүнүн ичүүчү сууну пайдалануу жана санитардык нормасын киргизүү боюнча жол жоболорун тартипке келтирүү жөнүндө
Акыркы мезгилде Интернационал айыл аймагынында айыл тургундарынын өздүк чарба жерлерин ичүүчү таза суу менен электр насос менен сордуруп, с угарган жарандарыбыз көбөйүү. Мындан сырткары Интернационал, Боз-Бармак, Жарбашы айылдарынын ички көчөлөрү таштандыга толгон жана кум-шагылдарын каалаган жерлерине төктүрүп, көчөнүн көркүн бузуп жатышат. Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын "ЖӨБО жөнүндө " мыйзамына ылайык, ошондой эле, жетекчилигинин т арабынан "Жергиликтүү депутаттардын жамаатынын статусу жөнүндө " Мыйзамына ылайык, Интернационал айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айыл өкмөтүнүн башчысы М.К. Аралбаевге эл менен жыйын өткөрүп таза суу менен кандай колдонулушун эрежесин жана айыл тургундарынын чарба жерлерин санитардык гигиеналык э режелерин абалын оңдоо боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзсүн .
2. Интернационал айыл тургундары укук бузуулар үчүн төмөнкү айып түрлөрү;
- Ичүүчү таза суу менен өздүк чарба жерлерин электр насос менен суугарса айып пул-2000 с.
- Башкы ичүүчү таза суунунун тутумуна өз билемдик кылып кошупуп алса айып пул-2000 с.
- Өздүк чарба жерлеринде санитардык-гигиеналык эрежелерин сактабаган үчүн жана чарба субьектилеринин аймагында ж ергиликтүү жамааттын аймагына тиешелүү (таштандылардын чогулушу жана таштоосу) ошондой эле, тиешелүүү аймагында септикалык түтүкчөлөрүн уруксатсыз казуу айып пул-2000 с.
- Өндүрүш курулуш иштерин жүргүзүп , асфальтталган жолдун үстүнө зыян келтирилсе айып пул- 2000 с.
-Спирт ичимдиктерин ичүү жана мас а балында коомдук жайларда жүрүү айып пул-2000 с. же тартипти бузган адамдар айылды көрктөндүрүү үчүн коомдук иштерге тартуу.
3. Жер бөлүштүрүү адиси Б. Н. Иманкуловго Интернационал айыл аймагындагы Интернационал, Боз-Бармак, Жарбашы айылдарын кыдырып, ченемдик ген.планына ылайык текшерүүлөрдү жүргүзүү. Көрсөтмөнү бузгандар үчүн сотко ылайык келген документтерди топтоо
4. Аксакалдар сотунун төрагасы А.Алабаевге Кыргыз Республикасынын Адми-нистративдик мыйзамына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн санкциясынын түрүн колдонуу.
5. Жарандар тарабынан төлөнгөн айып пулдар Интернационал айыл өкмөтүнүн эсебине которулсун.
6. Ушул чечимди көзомөлдөо коомдук иштеринин туруктуу д епутаты И.Сырдыбаевге жана каржы бюджетинин туруктуу комиссиянын депутаты С.Оморовго жүктолсүн.
Төрага | А.Саткынбаев |