Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры №10/2
Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы Кызмат Көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү, жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жана Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясы сунуштаган Кызмат Көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү, жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жана Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндөгү Жоболорду карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы Кызмат Көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндөгү, жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жана Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндөгү Жоболор бекитилсин жана аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов
|
«БЕКИТИЛДИ»
Ош областынын Кара-Суу районунун
Кара-Суу шаардык кеңешинин
___ чакырылышындагы
___-сессиянын 2019-жылдын ________ №_____токтому
Кара-Суу шаар мэриясынын Кызмат көрсөтүү борбору жөнүндө
ЖОБО
I ЖАЛПЫ ЖОБО
1.1. Кара-Суу шаар мэриясынын Кызмат көрсөтүү борбору – оозэки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды «Бирдиктүү терезе» ыкмасында бир жерде уюштурат жана көрсөтөт,
1.2. Ушул жобо Кара-Суу шаар мэриясындагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата тейлөөнүн сапатын жакшыртуу жана аларды бир жерде уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүү боборун түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн уюштурууну белгилейт.
1.3. Кызмат көрсөтүү борбору юридикалык жана физикалык тараптарга мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен өз ара аракеттешүүнүн негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлөт.
1.4. Кызмат көрсөтүү борбору жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик бийликтин аймактык органдарынын кызматтарын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бир жерден алуусун шарттайт. Кызмат көрсөтүүдө иштөө тартиби, ачык айкындуулук убакытты үнөмдөө жана кызмат көрсөтүчүлөрдүн өз ара аракеттешүүсү камсыздалат.
1.5. Шаардык кеңештин макулдугу боюнча шаар мэри кызмат көрсөтүү боборун түзөт жана анын ишмердүүлүгүн уюштурат.
1.6 Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүлүгуүнүн укуктук негизин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Мамлекттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө“Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Таза коом” Улуттук программасы, ошондой эле башка ченемдик укуктук актылар жана ушул Жобо түзөт.
II КЫЗМАТ КӨРСӨТ//Н/Н МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ .
2.1.Борборду түзүүнүн максаты .
Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүлүгүн уюштуруу аркылуу жергиликтүү деңгээлде юридикалык жана физикалык тараптарга жергиликтүү, сапаттуу мамлектетик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү.
2.2. Борборду түзүүнүн милдеттери
Кызмат алуучулар жана берүүчүлөр үчүн ыңгайлуу техникалык жана тейлөө шарттарын түзүү.
2.3. Оозэки жана жазуу түрүндөгү арыздарды берүүдөн баштап кызматты көрсөтүүнүн натыйжаларын алууга чейин муниципалдык жана мамлекеттик кызматарды «Бидиктүү терезе» ыкмасында бир бөлмөдө уюштуруу жана көрсөтүү.
2.4. Кызмат көрсөтүү борборунда юридикалык жана физикалык тараптарга бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекттик жана муниципалдык кызматарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
2.5. Кызмат алуу үчүн келген жарандардын күтүү убактыларын, чыгымдарын, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарына келип кетүү сандарын кыскартуу.
2.6. Ведомстволор аралык жана ведомство ичиндеги,ичиндеги ошондой эле мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен шаар мэриясынын өз ара аракеттенүүсүн оптималдаштыруу аркылуу шаар мэриясынын ишмердүлүүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
2.7. Кызмат көрсөтүүдөгү бюрократиялык процедураларды кыскартуу жана коррупциялык элементтерди жоюу.
2.8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда жергиликттүү коомчулуктун мүчөлөрүн маалыматтуулугун, укуктук аң-сезимин жогорулатууга көмөк көрсөтүү.
III КЫЗМАТ КӨРСӨТ// БОРБОРУН Т/З// ЖАНА АНЫН ИШМЕРД//Л/Г/Н УЮШТУРУУНУН ТАРТИБИ
3.1. Шаардык кеңеште бекитилген кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобо шаардык кеңештин токтому (Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобо шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
3.2.Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү үчүн шаар мэриясынын имаратында бир бөлмөдө кызмат көрсөтүчүүчүлөргө жана алуучуларга жумуш орундарын ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү.
3.3. Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча шаар мэринин чечими менен анын орун басарына же аппарат жетекчиге милдеттендирүү .
3.4. Кызмат көрсөтүүчүлөрдү офистик жабдуулар менен камсыздоо, алардын интернет менен кошулуусун, автоматташтырылган маалыматтык системалар менен иштөөсүн ишке ашыруу .
3.5.Кызмат көрсөтүү борборунун иштөө графигин түзүү жана аны көрүнүктүү жайга илүү.
3.6. Кызмат көрсөтүү борборунда кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик бийликтин аймактык
органдарынын тизмесин кызматчылардын байланыш телефондорун жана алардын иштөө графигин илүү.
3.7. Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын реестерин илүү, алардын ичинен акы төлөнүүчү кызматарды көрсөтүү менен.
3.8. Муниципалдык кызматчылардын аткаруусундагы кызмат көрсөтүү борборунун 4 багыттагы негизги иштерин уюштуруу:
Юридикалык жана физикалык тараптардын оозэки жана жазуу түрүндөгү кайрылуларын иштеп чыгууну ишке ашыруу.
а) Кайрылууларды кабыл алуудан баштап аны көзөмөлдөн алууга чейин жумушчу процесс иштелип чыгат.
Юридикалык жана физикалык тараптардын суроосуна ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында административдик кызматтарды (маалым-каттарды, маалыматтарды берүү) көрсөтүнү ишке ашыруу
а) Ар бир керектөөгө ылайык «Бирдиктүү терезе» ыкмасында көрсөтүлүүчү бири-бири менен байланышкан административдик кызматтардын адмиинистративдик регламенттери –жумушчу процесстери иштелип чыгат.
b) Муниципалдык кызматтардын базалык реестери боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
с) Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси иштелип чыгат жана алардын негизинде кызмат көрсөтүүнүн жумушчу процесстерин иштелип чыгат.
d) Бир убакта бир канча бири-бири менен байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жумушчу процесстери иштелип чыгат.
Мамлекеттик жана муницпалдык кызмат көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө юридикалык жана физикалык тараптарды маалымдоо, кеңеш берүү, алардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу.
а) Кызмат көрсөтүү борборунда зарыл маалыматтар, документтердин үлгүлөрү, мамлекеттик документтерди алуу үчүн керектүү болгон документтердин тизмеси ж.б илинген маалымат тактайларын илүү.
b) Кызмат көрсөтүү борборунда көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын реестерин илүү, алардын ичинен акы төлүнүүчү кызматтарды көрсөтүү менен.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууда юридикалык жана физикалык тараптарга практикалык жардамдарды көрсөтүү.
а) Практикалык жардамдардын тизмеси документтерди нускалоо, текстерди компьютерде жазып берүү, электрондук почтаны, интернетти колдонуу ж.б.
IV Кызмат көрсөтүү борборуна кайрылуунун тартиби
а. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкөрсөтүү үчүн негиз болуп юридикалык жана физикалык тараптардын оозэки жана жазуу түрүндөгү кайрылуулары, ошондой эле электрондук почта, интернет каражаттары аркылуу кайрылуулар эсептелинет.
b. Кайрылуу учурунда кайрылуучу тарап өздүгүн тастыктаган документин көрсөтөт.
с. Юридикалык жана физикалык тараптарды кабыл алууда кызмат көрсөтүү борборундагы муниципалдык кызматкер көрсөтүлүүчү кызматтын сапаты жана этикалык нормаларды бузгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
V Кызматташуу жана өз ара аракетешүү
5.1 Кызмат көрсөтүү борборунун ишмердүүлүгү социалдык өнөктөштүк принцибине негизделет. Мамлекеттик бийликтин аймактык органдары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө кызматашууга жана өз ара аракетешүүгө багытталат.
VI Мониторинг жүргүзүү
6.1. Кызмат көрсөтүү боборунун ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү шаардык кеңеш өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу менен ишке ашырат.
6.2. Мониторингдин натыйжасы шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна коюлат.
6.3. Ушул жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаар мэриясы тарабынан киргизилет жана шаардык кеңештин кароосуна коюлуп бекитилет.
6.4. Кызмат көрсөтүү борборун жоюу же кайра уюштуруу маселеси туралуу токтомду шаардык кеңеш кабыл алат.
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Кара-Суу шаар мэриясынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүү жөнүндө
Типтүү жобо
Жалпы жоболор
Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана Типтүү жобого ылайык иштелип чыккан, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин биргелешкен мониторингин жана баалоону жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
Жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин мониторинги жана баалоо биргелешкен мониторинг жана баалоо болуп аталат.
Кара-Суу шаар мэриясынын ишинин биргелешкен мониторингинин жана баалоонун обөекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
- жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.
Кара-Суу шаар мэриясынын биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруучулар болуп саналышат. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана жергиликтүү кеңештин чечими боюнча түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн камтыган биргелешкен мониторинг жана баалоо (мындан ары – БМ жана Б) тобу тарбынан жүргүзүлөт.
Биргелешкен мониторинг жана баалоо маалыматтык-телекоммуникациялык тутумдарды жана технологияларды, анын ичинде «Интернет» түйүндөрүн пайдалануу менен көпчүлүк алдында жана ачык жүргүзүлөт.
Кара-Суу шаар мэриясынын ишинин мониторинги – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишине туруктуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
Кара-Суу шаар мэриясынын ишин баалоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу орандары тарабынан уюштурулуучу жана жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишинин натыйжаларын дайыма же бир жолку баалоо.
II. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун
максаттары жана милдеттери
2.1. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын бирикмелеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызычылыктарын ишке ашырууну жана коргоону камсыз кылуу;
2) Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирлерди, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарын жана сунуштамаларын эсепке алууну камсыз кылуу;
3) мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишин коомдук баалоо;
4) коррупциянын алдын алууга жана жоюуга көмөк көрсөтүү;
2.2. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кара-Суу шаар мэриясынын ишинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу;
2) Кара-Суу шаар мэриясы коомчулук менен кызматташуу усулдарынын натыйжалуулугун табуу;
3) мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишин бүтүндөйүнөн калк тарабынан жана атап айтканда айрым социалдык топтор (аялдар, жаштар, улгайгандар, жумушсуздар, ДМЧА жана башкалар) тарабынан канаттануунун деңгээлин изилдөө;
5) социалдык-экономикалык программаларды, биргелешип аракеттенүүлөрдүн пландарын жана гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча пландарды жана айылдык аймактын, шаардын башка программалык документтерин (мындан ары – өнүктүрүү программаларын жана пландарын) ишке ашырууда иш жүзүндө пайдаланылуучу убактылуу жана материалдык (анын ичинде финансылык) ресурстарды талдоону жана баалоону табуу, кийин табылган четтөөлөрдү четтетүү, өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруунун динамикасын контролдоо боюнча иш-чараларды аныктоо жана ишке ашыруу;
6) иштин кемчиликтери жана мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишине калктын канаттанбаганы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымдоо, аларды четтетүү боюнча сунуштарды жиберүү.
III. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү негизги
принциптер жана талаптар
3.1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
адамдын жана жарандын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын артыкчылыгы, басмырлоонун кандай гана болбосун формаларына чыдамсыздык;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүн презумпциялоо;
иштин ыктырдуулугу жана мыйзамдуулугу, БМ жана Б топторунун обөективдүүлүгү, кынтыксыздыгы жана ак ниеттүүлүгү;
коомдук талкуулоонун жана анын натыйжаларынын айкындыгы, ачыктыгы;
БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча даярдалган жыйынтыктоочу документтерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кароонун милдеттүүлүгү жана БМ жана Б тобунун сунуштарын, сунуштамаларын жана тыянактарын эсепке алуу;
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн бүтүндүгү жана оперативдүүлүгү.
3.2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү процессине карата негизги талаптар:
баштапкы маалыматтын обөективдүүлүгү жана жетиштүүлүгү;
маалыматтын кошумча булактарын тартуу;
мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын дайма салыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
баалоонун зарыл жана жетиштүү критерийлеринин минималдуу санын тандоо;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мониторингдин жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугун сактоо;
биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттеринин мыйзамдуу ишине тоскоолдуктарды түзүүнүн жол берилбестиги.
IV. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети жана обөекттери
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган мониторингдин жана баалоо обөекттеринин ишинин процесси жана натыйжалары биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болуп саналат, төмөнкүлөрдү камтыйт:
-айылдык аймакты, шаарды өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашырууну;
-жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттердин, эл аралык жана башка донордук уюмдардын, демөөрчүлөрдүн каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан финансылануучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашырууну;
-жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда товарларды жеткирип берүүнү, кызматтарды көрсөтүүнү жана жумуштарды аткарууну, ошондой эле консультациялык кызмат.
Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обөекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- муниципалдык ишканалар жана мекемелер;
-жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар;
- тиешелүү аймактын жергиликтүү коомдоштугунун турмуш-тиричилигин камсыз кылууга тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү коомдук уюмдар жана бирикмелер (сууну пайдалануучулардын ассоциациясы (СПА), ичүүчү сууну пайдалануучулардын айылдык коомдук бирикмеси (ИСПАКБ), жайыт комитеттери жана башкалар.
Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обөекттери төмөкүлөргө милдеттүү:
Мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети болгон бөлүгүндө өз иши жөнүндө БМ жана Б тобуна маалымат берүүгө;
алар тарабынан жиберилген суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө кароого;
табылган өксүктөрдү жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштамаларды талкуулоо жана иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн БМ жана Б тобу тарабынан жиберилген биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтерди кароого;
Кара-Суу шаар мэриясынын (биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обөекти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналган учурлардан тышкары) БМ жана Б тобуна көчүрмөсү менен кемчиликтердин себептери жөнүндө жана кырдаалды оңдоо боюнча пландаштырылган чаралар жөнүндө биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен маалымат берүүгө.
Кара-Суу шаар мэриясынын БМ жана Б тобунан биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документти алган учурдан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобу тарабынан табылган кемчиликтерди четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматты жергиликтүү кеңешке маалымдоого.
V. Биргелешкен мониторингди жана баалоону уюштуруу
5.1. БМ жана Б тобун түзүү
Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун максаттарына жетүү жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобун түзөт. БМ жана Б топторунун ишин жүзөгө ашыруунун тартиби ушул Жобо менен аныкталат.
5.2. БМ жана Б тобунун курамы
5.2.1. БМ жана Б тобу мүчөлөрдүн так санынан – 18 жашка чыккан, тиешелүү жергиликтүү кеңештин мүчөсү болуп саналган 5тен 15ке чейинки Кыргыз Республикасынын жарандарынан турат.
5.2.2. БМ жана Б тобунун курамына жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырлоосуз, ушул Жобого ылайык сунуш кылынган жана шайланган адамдар кирет.
5.2.3. БМ жана Б тобу төмөнкү курамда түзүлөт:
1) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 кем эмеси – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын муниципалдык кызматкерлери;
2) БМ жана Б тобунун курамынын 4/1 – жергиликтүү кеңештин депутаттары;
3) БМ жана Б тобунун курамынын жарымынан кем эмеси - жарандардын жана алардын атынан чыккан жарандар.
БМ жана Б тобунун курамына карата кошумча милдеттүү:
1) бир жыныстагы адамдар БМ жана Б тобунун курамынын 70% ашыгын түзбөөгө тийиш;
2) БМ жана Б тобунун мүчөлөрү ушул Жобонун 6-бөлүмүнө ылайык БМ жана Б тобунун курамында ишти жүзөгө ашыруу жана мониторинг жана баалоо предмети менен байланышкан кызыкчылыктардын кагылышуусуна ээ болбоого тийиш.
5.3. БМ жана М тобунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
5.3.1. БМ жана М тобунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү түзүлгөн учурдан тартып төрт жылды түзөт.
5.3.2. БМ жана Б тобунун биринчи жыйналышы түзүлгөн учурдан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен өткөрүлүүгө тийиш.
5.3.3. БМ жана Б тобунун биринчи жыйналышын өткөргөнгө чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө маалыматты (БМ жана Б түзүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомун, БМ жана Б тобунун курамын, биринчи жыйналышты өткөрүү датасын, ордун жана убактысын жана башкаларды) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштырат.
5.4. БМ жана Б тобун түзүү тартиби
5.4.1.Жергиликтүү кеңешти түзгөн учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталганы жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтына жарыялайт жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштырат.
5.4.2. Кара-Суу шаар мэриясынын жетекчиси БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен БМ жана Б тобунун курамына муниципалдык кызматчылардын ичинен талапкерлерди дайындайт жана талапкерлердин тизмесин жергиликтүү кеңешке жиберет.
5.4.3. Жергиликтүү кеңештин төрагасы БМ жана Б тобун түзүү жол-жобосу башталган күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен жергиликтүү кеңетин депутаттарынын ичинен БМ жана Б тобунун мүчөлөрүн бекитет.
5.4.4. БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына жарандардын жана алардын бирикмелеринин атынан чыккан талапкерлерди шайлоо Жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык өткөрүлүүчү жергиликтүү коомдоштуктун жыйынында (же ушул жергиликтүү коомдоштукка ылайык келген башка ыкма менен) жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча жыйындын катышуучуларынын добуштарынын санынын көпчүлүгүн алган жарандар БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлер деп эсептелет. БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн курамына талапкерлер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары протокол менен жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.
БМ жана Б тобунун курамына талапкерлерди көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары зарыл уюштуруучулук шарттарды (маалыматтык кампанияны, чакырууларды таратууну, өтүнмөлөрдү кабыл алууну жыйноону добуш берүү жолу менен тандоо жол-жобосун жана д.у.с. уюштурат) түзөт.
5.4.5. Жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө тескеме кабыл алат.
5.4.6. БМ жана Б тобунун төрагасы жарандардын жана алардын бирикмелеринин атынан чыккан БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн ичинен ачык добуш берүү менен БМ жана Б тобунун мүчөлүгүнө шайланат.
5.4.7. Кара-Суу шаар мэриясынын БМ жана Б тобун түзүү жана курамы жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайтыны жарыялоо жана (же) билим берүүнүн атайын орундарында (такталарда, стенддерде) жайгаштыруу жолу менен БМ жана Б тобун түзүү жөнүндө жергиликтүү коомдоштукка маалымдоону камсыз кылат.
5.4.8. БМ жана Б тобунун мүчөлөрү чыгып кеткен учурда, БМ жана Б тобунун курамына киргизүү ушул Жобонун ушул бөлүмүнүн жол-жоболору боюнча жүзөгө ашарвлат.
VI. Кызыкчылыктардын кагылышуусу
6.1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу – мында БМ жана Б тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы же болбосо БМ жана Б тобунун мүчөсүнө таасир (кысым) көсөтүү БМ жана Б тобунун мүчөсү катары өз ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарууга таасир көрсөтсө же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон кырдаал.
6.2. Анын өз ыйгарым укуктарын обөективдүү жүзөгө ашырууга таасир көрсөткөн же таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон БМ жана Б тобунун мүчөсүнүн жеке кызыкчылыгы деп БМ жана Б тобунун мүчөсү тарабынан акчалай же болбосо накталай формада кирешелерди, түздөн-түз БМ жана Б тобунун мүчөсү, анын үй-бүлөсү же жакын туугандары үчүн, ошондой эле БМ жана Б мүчөсү финансылык же башка жагдайлар менен байланышкан башка жактар үчүн кирешелерди алуу (негизсиз баюу) мүмкүнчүлүгү түшүнүлөт.
6.3. БМ жана Б тобунун мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келген же алып келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылык келип чыккан учурда же болбосо БМ жана Б тобунун мүчөсүнө анын өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу менен байланышкан таасир (кысым) көрсөтүү кырдаалы келип чыкканда БМ жана Б тобунун мүчөсү бул тууралуу БМ жана Б тобунун төрагасына жана жергиликтүү кеңешке кыска мөөнөттө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү.
6.4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы кызыкчылыктардын кагылышуусунун бар экени жөнүндө маалымат алган учурда, ага карата кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыккан БМ жана Б тобунун мүчөсүн предмети боюнча мониторинг жана баалоо процессинен убактылуу четтетүүгө тийиш.
VII. БМ жана Б тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу
7.1. БМ жана Б тобунун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
БМ жана Б тобу өз ишинде зарыл шарттар (биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттери турган жерлерге баруу үчүн, жыйналыштарды өткөрүү үчүн жайлар, зарыл канцелярдык товарлар, документтерди даярдоо, мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын кайра иштеп чыгуу үчүн офистик жабдууларга жеткиликтүүлүккө ээ болуу жана башка шарттар) менен камсыз кылынууга тийиш.
7.2. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары
7.2.1. БМ жана Б тобунун ишинин негизги формалары болуп БМ жана Б тобунун жыйналыштары, жумушчу топтордун жыйналыштары, коомдук талкуулоолорго катышуу (жыйындар, чогулуштар, коомдук угуулар) жана башкалар саналат.
7.2.2. БМ жана Б тобунун жыйналышы БМ жана Б тобунун ишинин планына ылайык (мындан ары – Иш план), бирок кварталда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.
7.2.3. Эгерде ага БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн жалпы санынан жарымынан көбү катышса, жыйналыш ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
7.2.4. БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б тобунун ишин жетектейт жана уюштурат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар, башка юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде БМ жана Б тобунун атынан чыгат, иш кагаздарын уюштуруу, ошондой эле ар жылкы жыйындарды жана башка иш-чараларды (БМ жана Б тобунун ишинин натыйжаларын даярдоо жана презентациялоо) уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
7.2.5. БМ жана Б тобунун төрагасы БМ жана Б жүргүзүүнүн жүрүшүндө пайдаланылган документтердин (анкеталардын, тизмелердин, фото жана башкалардын), ошондой эле БМ жана Б натыйжаларын чагылдыруучу документтердин (актылардын, отчеттордун жана башкалардын) сакталышын камсыз кылат.
7.3. БМ жана Б тобунун ыйгарым укуктары
7.3.1. Коюлган милдеттерди аткаруу үчүн БМ жана Б тобу:
- иш пландын долбоорун иштеп чыгат;
-иш план жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына маалымдайт, иш планды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен талкуулагандан кийин, зарыл болгон учурда өзгөртүү жана толуктоо киргизет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өз компетенциясына кирген маселелер боюнча иш-чараларды өткөрүүнү иш планга киргизүү боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу;
- Кара-Суу шаар мэриясынын менен талкууланган иш планды жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө киргизет;
- конкреттүү обөекттинин биргелешкен мониторинги жана баалоо мониторингдин жана баалоонун плпнына ылайык жүргүзүлөт;
- сурамжылоолорду (анкеталоону), фокус-топту,
товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, жана (же) ишке ашырылган долбоорлордон, демилгелерден тикелей пайда алуучулар менен, анын ичинде жерине баруу менен, аңмелешүүлөрдү жүргүзөт;
- биргелешкен мониторинг жана баалоо процессинде даярдалган, биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттеринен алынган документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмелерин жана башкаларды) талдоону жүзөгө ашырат;
- иш-чараларга (коомдоштуктардын муктаждыктарын биргелешип итиктөө (КМБИ), коомдук угууларга, жыйындарга, курултайларга жана башкаларга) байкоочулар катары катышат;
- өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу (демилгелерди, долбоорлорду, программаларды жана башкаларды ишке ашыруу) менен байланышкан иш-чараларга байкоочулар катары катышат;
- Кара-Суу шаар мэриясынын биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттерине жана жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторингдин жана баалоонун жүрүшүндө табылган поблемалар жөнүндө өз убагында маалымдайт;
- биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттерине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предмети боюнча сунуштамаларды берет жана сунуштарды киргизет;
- Кара-Суу шаар мэриясынын жана жергиликтүү кеңешке биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча отчет берет;
- жергиликтүү коомдоштукка биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттеринин биргелешкен мониторинги жана баалоо жөнүндө жыйынды отчет берет.
7.3.2. Проблемалардын жана өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын пландаштырылган параметрлеринен четтөөлөрдүн келип чыгышынын эртелеп алдын алуу үчүн биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишине биргелешкен мониторингдин жана баалоонун, кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуунун максатында БМ жана Б тобу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага карата жеткиликтүүлүк чектелген жеке маалымдар жана маалыматтар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматты кошпогондо, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обөекттеринен маалымат суратууга;
2) өнүктүрүү программаларын жана пландарын ишке ашыруу статусун баалоо, жүргүзүлүүүчү иш-чаралардын өнүктүрүү программаларына жана пландарына, ошондой эле Жергиликтүү коомдоштуктун уставынын талаптарына, мониторингдин планына ылайык келүүсүн баалоо үчүн тиешелүү обөекттерге барууга, көрмө кароолорду, өлчөөлөрдү жүргүзүүгө жана мониторингдин башка ыкмаларын пайдаланууга;
3) жарандардын жана алардын бирикмелеринин биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттеринин ишине, ошондой эле өнүктүрүү программаларына жана пландарына жана алардын аткарылышына мамилесин аныктоо үчүн коомдук пикирди (жергиликтүү коомдоштуктун ар кыл катмарларын жана социалдык топторунун) иликтөөнү жүргүзүүгө;
4) өнүктүрүү программаларын жана пландарын, долбоорлорду, демилгелерди аткарбоо же талаптагыдай аткарбоо, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды жүргүзүүнү сапатсыз же өз убагында бербеген фактылар табылган учурда;
5) ЖӨБ органдарынын айкындуулугунун деңгээлин, бюджеттик айкындуулуктун муниципалдык индексин, аларды жүргүзүүнүн усулун аныктоочу типтүү жоболорго ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоону жүргүзүүгө;
6) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө жарандарды жана алардын бирикмелерин, илимий, эксперттик уюмдарды, көз карандысыз эксперттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын жана башкаларды тартууга;
7) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун айрым маселелери боюнча жумушчу топторду түзүүгө.
VIII. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары жөнүндө документтер
8.1. Иш планга ылайык БМ жана Б тобу тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжалары боюнча тиешелүү документтер: акт жана жыйынды отчет түзүлөт.
Мониторингдин жана баалоонун актысы (мындан ары – акт) биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү фактысын ырастаган документ болуп саналат. Төмөнкү милдеттүү маалыматтарды камтыйт:
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн максатын;
биргелешкен мониторингдин жана баалоонун предметин жана обөектисин;
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн ордун;
биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн;
төмөнкүлөрдү кошуп алганда, биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларын сыпаттоо:
фактыларды, же
баалоонун натыйжаларын табуу (анкеталоо, изилдөө, фокус топтор, коомдук пикирди сурамжылоо жана д.у.с.)
биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча сунуштамалар жана сунуштар;
Актыга тиркемелер (протоколдор, фото, көрмө материалдар жана д.у.с.)
Жыйынды отчет иш планга ылайык биргелешкен мониторингдин жана баалоонун алкагында белгилүү бир мезгилдин убагында (жарым жыл, жыл) өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө кыскача маалыматты камтыган документ болуп саналат. Жыйынды отчетто биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген актылар жөнүндө жалпылаштырылган маалыматтар, берилүүчү актыларга жана сунуштамаларга жооп иретинде биргелешкен мониторингдин жана баалоонун обөекттеринин иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар, ошондой эле биргелешкен мониторинг жана баалоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын натыйжалары камтылат.
8.2. Акт БМ жана Б тобу тарабынан биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жана жергиликтүү кеңешке жиберилет.
8.3.Акт ушул Жобонун 4.2. пунктуна ылайык биргелешкен мониторинг жана баалоо обөекттери тарабынан милдеттүү каралууга жатат.
8.4. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжаларына жараша жергиликтүү кеңеш БМ жана Б тобунун сунуштамаларын аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин отчету үчүн жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга же коомдук талкуулоо өткөрүүнү (жыйын, коомдук угуулар, курултай жана башка) демилгелөөгө укуктуу.
8.5. БМ жана Б тобунун ишинин натыйжалары боюнча жыйынды отчет БМ жана Б тобунун мүчөлөрүнүн активдүү катышуусу менен БМ жана Б тобунун төрагасынын жетекчилиги астында даярдалат. БМ жана Б тобунун төрагасы (БМ жана Б тобунун төрагасынын мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, БМ жана Б тобунун төрагасы тарабынан аныкталган БМ жана Б тобунун мүчөсү) ЖӨБ аткаруу органынын өнүктүрүү программаларынын жана пландарынын аткарылышы тууралуу жыл сайын көпчүлүк алдында берилүүчү отчетунун убагында жергиликтүү коомдоштук үчүн отчеттун презентациясын өткөрөт. Биргелешкен мониторингдин жана баалоонун натыйжалары боюнча даярдалган жыйынды отчет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарына жарыяланат жана (же) көрүнүктүү атайын жайларга (такталарга, стенддерге) жайгаштырылат.
Кара-Суу шаар мэриясынын демилгелерди тандоонун жана
каржылоонун тартиби жөнүндө
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык иштеп чыгылган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү демилгелерди тандоосунун жана каржылоосунун тартибин белгилейт.
2. Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан демилгелерди колдоого алуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө жигердүү катышууларын кызыктыруу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Типтүү жободо жергиликтүү демилгелер дегенде жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселени чечүүгө багытталган жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар тарабынан демилгеленген долбоор, идея жана башка демилгелер түшүнүлөт.
4. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттары, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар жергиликтүү демилгелерди каржылоонун булактары болуп саналат.
5. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануусу мүмкүн болгон жергиликтүү демилгелердин түрлөрү:
1) белгилүү каржылык ресурстарга жана (же) эмгектик жана каржылык эмес ресурстарга ээ жана кошумча каржылоону талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени кошо-каржылоо);
2) белгилүү натыйжаларга жетишилген, бирок аны улантуу же бүркөрүү үчүн каржылоонун талап кылган жергиликтүү демилге (жергиликтүү демилгени бекемдөө-бүткөрүү).
6. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
7. Жергиликтүү демилгени каржылоо жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.
8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү аркылуу жергиликтүү демилгелерди каржылоо «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
9. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү демилгелерди тандоо конкурстук негизде ушул Типтүү жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
Тандоого бир календардык жылдын ичинде ишке ашырууга эсептелген жергиликтүү демилгелер катыша алышат. Өзгөчө учурларда жергиликтүү демилгелерди тандоо боюнча комиссиянын сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгени кезек-кезеги менен ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
10. Жергиликтүү демилгелерди каржылоого зарыл болуучу каражаттардын көлөмү жергиликтүү өз алдынба башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жергиликтүү бюджеттин долбоорунда каралат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
11. Эл аралык жана башка уюмдардын каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттар, жергиликтүү демилгелерди каржылоонун алкактарында, төмөнкүдөй тартипте пайдаланылышы мүмкүн:
1) көрсөтүлгөн каражаттар жергиликтүү демилгелни каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилген учурда – ушул Жободо белгиленген тартипте;
2) жергиликтүү демилгенин каражаттарынын ээлеринин түздөн-түз, толук же жарым-жартылай каржылоосу – каражат ээси тарабынан белгиленген тартипте.
12. Жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгени каржылоого каралган каражаттардын эсебинен чыгымдардын төмөнкү түрлөрүн каржылоого жол берилбейт: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө, алардын бирикмелерине, жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышкан башка жеке жана юридикалык жактарга эмгек акыларды же башка сыйакыларды төлөп берүүгө, камсыздандыруу акыларын, салыктарды, жыйымдарды, насыялар жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди жоюуга жана тейлөөгө, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу менен байланышпаган башка чыгымдарды төлөөгө.
13. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун көзөмөлү, мониторинги жана баалоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат жана жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тоскоолдук кылбоосу тийиш.
2. Жергиликтүү демилгени тандоо тууралуу кулактандыруу
14. Жергиликтүү демилгени тандоону өткөрүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча конкурс жөнүндө (мындан ары – конкурс) маалыматтар (мөөнөтү, өткөрүү тартиби, жергиликтүү маанидеги маселелер, конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер, катышуучулар, жеңүүчүлөрдү аныктоо критерийлери жана конкурска тиешелүү башка маалыматтар) жеке жана юридикалык жактар үчүн жеткиликтүү болушу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланышы, ал эми ал жок богон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалыматт текчесине (тактасына) жайгаштырылышы керек.
Арыз берүүчү – жергиликтүү жамааттын мүчөсү (-лөрү), алардын бирикмелери, жергиликтүү демилгени каржылоону алууга конкурстук билдирме берген (-ишкен) башка жеке жана юридикалык жактар (мындан ары – конкурстун катышуучусу).
15. Конкурс жөнүндө кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
1) ушул Типтүү жобонун 26-п. саналган конкурска катышуу үчүн документтердин тизмегин;
2) жергиликтүү маанидеги маселелер, катышуучулар ошол боюнча конкурска катышып жаткан жергиликтүү демилгелер;
3) конкурсту өткөрүүнүн убактысы, орду жана тартиби, анын ичинде тандоонун критерийлери жана конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоонун мөөнөттөрү;
4) бир жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоонун максималдуу суммасы (эгерде ушундай сумма белгиленсе);
5) конкурска катышуу үчүн формаларды алууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги жана (же) көрсөтүлгөн формаларды электрондук түрдө көчүрмөлөп алуу мүмкүн болгон анын расмий сайтынын дареги;
6) маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жооптуу адамынын байланыш маалыматтары (фамилиясы, аты, атасынын аты, телефон номери жана элетрондук почтасынын дареги);
7) суроо-талаптарды жөнөтүү жана конкурстун шарттары жаатында түшүндүрүүлөрдү алуу үчүн мөөнөт;
8) конкурска катышуу үчүн документтерди жөнөтүү керек болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын почта дареги, электродук почтасы жанаүже расмий сайтынын дареги;
9) конкурска катышуу үчүн документтерди кабыл алуу мөөнөтү.
16. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруунун болжолдуу формасы ушул Типтүү жобого карата 1-тиркемеде келтирилген.
3. Комиссияны түзүүнүн тартиби жана иши
17. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүлөрүн аныктоо үчүн жергиликтүү демилгени тандоо боюнча комиссия түзөт (мындан ары – комиссия.
Комиссия 5тен кем эмес кишиден турат:
- вице-мэр (айыл өкмөт башчысынын орун басары), көрсөтөлгөн кызмат орундары жок болгон учурда – аппарат жетекчиси, жооптуу катчы – комиссиянын төрагасы;
- жергиликтүү кеңештин депутаттары (макулдашуу боюнча);
- мэриянын (айыл өкмөтүнүн) муниципалдык кызматчысы – комиссиянын катчысы;
- жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын өздүк курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок босо – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат текчесине (тактасына) жайгаштырылат.
18. Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын курамы бекитилген күндөн тартып 2 жылды түзөт.
19. Комиссиянын отуруму комиссиянын төрагасы тарабынан өзүнүн демилгеси боюнча же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин демилгеси боюнча чакырылат. Отурумду комиссиянын төрагасы, ал эми ал жок болгондо – отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен төрагалык кылуучулукка шайланган комиссия мүчөсү алып барат.
Комиссиянын катчысы комиссиянын ишин уюштурат, комиссия мүчөлөрүн пландалган отурумдар жөнүндө кабарландырат, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун жүргүзүлүшү жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат жана комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын ишине катышууларына көмөктөшөт.
20. Комиссиянын отуруму, эгерде ага комиссия мүчөлөрүнүн 3ү2 катышып олтурса, укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн башка адамдар менен алмаштырылышына жол берилбейт.
21. Комиссиянын кароосуна конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналында катталган баардык конкурстук билдирмелер киргизилет.
Комиссиянын чечимдери добуш берүү жолу менен кабыл алынат. Комиссиянын ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Комиссиянын чечими, эгерде ал үчүн отурумда катышып олтурган комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш беришсе, кабыл алынган болуп эсептелет. «Макул» жана «каршы» добуштар тең болуп калганда, комиссиянын отурумунда төрагалык кылуучунун дошубу чечүүчү болуп эсептелет.
22. Комиссиянын чечими протокол менен жол-жоболонот. Комиссиянын отурумунун протоколунда күн тартибинин маселелери, добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылат. Комиссиянын отурумунун протоколуна отурумда катышып олтурган комиссиянын баардык мүчөлөрү кол коюшат.
23. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда, комиссия мүчөсүнүн өзгөчө пикирин билдирүүгө укугу бар, ал комиссиянын отурумунун протоколуна киргизилет.
24. Комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жарыяланат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат.
25. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын иштерине акысыз негизде катышышат.
4. Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон конкурстук документтер
жана аларды берүүнүн тартиби
26. Конкурска катышуу үчүн анын катышуучулары конкурстук билдирме берүүлөрү керек:
1) Ушул Типтүү Жобого карата 2-тиркемеге ылайык форма боюнча арыз;
2) паспорттун көчүрмөсү (жеке адамдар үчүн) юридикалык жак катары каттоо жөнүндө күбөлүктүн жана уставдын көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
3) сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) жана бюджет.
27. Конкурстук билдирмелер комиссияга конкурстун катышуучусунун тандоосу боюнча мамлекеттик же расмий тилде, төмөнкү ыкмалардын бири менен берилиши мүмкүн:
1) кагаз жүзүндө, чапталган конвертте – жеке өзү, же болбосо почта менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына;
2) PDF форматында көчүрмөлөнгөн түрдө – электрондук почта менен жиберилет же болбосо, эгерде конкурстун шарттарында берүүнүн ушундай мүмкүнчүлүгү каралса, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайты аркылуу жиберилет.
28. Конкурска берилүүчү сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы) ушул Типтүү жобого карата 3-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) аталышы, максаттары жана кыскача сунуштар (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы, сунуштардын натыйжалуу жанаүже жаңычыл идеялары, ошондой эле жергиликтүү демилгени ишке ашыруу ыкмалары);
2) аларды аткаруунун мөөнөттөрүн кошуп алганда, жергиликтүү демилге боюнча иш-чаралардын планы;
3) жергиликтүү демилгени ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар.
29. Сунушка (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасына) кат-милдеттенме, жүргүзүлгөн чыгымдарды, конкурстун катышуучусунун ресурстары (жергиликтүү демилгенин мазмунуна жараша) бар экенин бышыктоочу каржылык жана башка документтер, ал эми зарыл болгондо – жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн өнүмдөрдү, натыйжаларды жана обөекттерди эксплуатациялоонун жана мындан ары башкаруунун планы тиркелет.
30. Жергиликтүү демилгенин бюджети ушул Типтүү жобого карата 4-Тиркемеге ылайык формада түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) чыгымдардын сметасын жана чыгымдардын ар бир статьясы боюнча каржылык эсептерди;
2) суралган каржылоонун өлчөмүн;
3) өздүк салымдын жана тартылган каражаттардын өлчөмүн (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланыла турган каржылык каражаттар, транспорт, орун жай жана башка мүлктөр, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында аткарылуучу жумуштар ж. б.).
31. Конкурстук билдирмелер үчүн формалар (арыз, сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы), жергиликтүү демилгенин бюджети жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына жайгаштырылат, ал эми ал жок болгон учурда – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын маалымат тактасына (текчесине) жайгаштырылат жана кызыкдар жактардын суроо-талаптары боюнча берилет.
32. Конкурстук билдирмелер конкурстун катышуучуларына тизмек боюнча берилет, конкурстун катышуучуларынын колдору коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт (юридикалык жактар үчүн).
33. Конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн конкурстук билдирмелерди кабыл алуунун мөөнөтү аяктаганга чейин, почта менен жиберилген конкурстук билдирмелер, мөөнөтүндө берилген болуп эсептелет.
34. Кара-Суу шаар мэриясы башкаруунун аткаруучу органы берилген конкурстук билдирмелерди конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналына каттайт. Конкурстун катышуучуларын каттоого алуу журналы кагаз жүзүндө жүргүзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) конкурстук билдирмелер берилген дата жана убакыт;
2) конкурстук билдирмелердин катталган номерин;
3) конкурстун катышуучусунун фамилиясын, атын, атасынын атын (жеке адамдар үчүн) жана конкурстун катышуучусунун аталышын (эридикалык жактар үчүн);
4) конкурстун катышуучусунун почта дарегин, электрондук почта дарегин жана телефон номерин;
5) жергиликтүү демилгенин аталышын;
6) конкурстук билдирмеге кошулган документтердин тизмегин.
5. Конкурсту болбой калды деп таануу жана кайрадан конкурс өткөрүү
35. Конкурс төмөнкү учурларда болбой калды деп таанылат:
1) конкурстук билдирмелер болюогондо же болбосо конкурска катышууга бир конкурстук билдирме келип түшкөндө;
2) баардык конкурстук билдирмелер конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузуу менен берилгенде.
36. Конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы, конкурс болбой калды деп таанылган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен, кайрадан конкурс жарыялоого милдеттүү. Кайрадан өткөрүлгөн конкурс болбой калды деп таанылган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жаңы конкурс жарыялоого же болбосо жергиликтүү демилгени каржылоого арналган каражаттарды, жергиликтүү бюджетте каралган башка максаттарга пайдаланууга укуктуу.
6. Долбоордук сунуштарды баалоо
37. Конкурстук билдирмелерди баалоонун критерийлери, ушул Типтүү жобого карата 5-Тиркемеге ылайык форма боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан түзүлгөн баалоо баракчасында камтылган.
38. Конкурстук билдирмелер комиссия мүчөлөрүнө кагаз түрүндө же болбосо электрондук формада берилет.
39. Конкурстук билдирмелерди баалоо эки этапта жүргүзүлөт.
Баалоонун биринчи этабында, комиссия ар бир конкурстук билдирмени төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
1) жергиликтүү демилге жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги бир же бир нече маселесин чечүүгө багытталган;
2) жергиликтүү демилге жүзөгө ашырыларлык;
3) арыз конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттө берилген;
4) жергиликтүү демилгени каржылоого суралган акчанын суммасы, конкурс жөнүндө кулактандырууда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын максималдуу суммасынан ашпайт (эгерде ушундай сумма белгиленсе).
Мында бул этапта конкурстук билдирмелерди баалоо комиссиянын ар бир мүчөсү тарабынан эмес, а бүтүндөй комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде комиссия конкурстук билдирмеге критерийлерди бири эле боюнча терс баа койгон учурда, комиссия бул конкурстук билдирмени четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.
Баардык критерийлер боюнча биринчи этапта оң баа алган конкурстук билдирмелерди баары конкурстун кийинки этабына коң берилет.
40. Конкурстун экинчи этабында комиссиянын мүчөлөрү тарабынан конкурстук билдирмелерди баалоо төмөнкүдөй тартипте жүзөгө ашырылат:
1) комиссия мүчөсү ар бир конкустук билдирмени окуп-үйрөнөт;
2) конкурстук билдирмелерди окуп-үйрөнүүнүн натыйжалары боюнча комиссия тарабынан ар бир конкурстук билдирмени талкуулоо өткөрүлөт, андан кийин комиссиянын мүчөлөрү, баалоо баракчасына баалоонун ар бир критерийи боюнча баллдарды коюшат;
3) комиссия мүчөсү тарабынан баардык критерийлер боюнча баалоо баракчасына коюлган баллдар кошулат жана алынган сумма комиссия мүчөсүнүн конкурстук билдирмеге берген баасы деп эсептелет (баалоо баракчасына комиссия мүчөсүнүн колу коюлат жана комиссияда сакталат);
4) ар бир конкурстук билдирме боюнча комиссия мүчөлөрүнүн баалары кошулат жана баалоо баракчаларынын санына барабар санга бөлүнөт, ошондон алынган орточо маани конкурстук билдирме боюнча жыйынтык балл болуп эсептелет;
5) конкурстук билдирмелер боюнча жыйынтык баллдар кемүү тартибинде жалпы рейтингдик тизмеге киргизилет;
6) эгерде бир нече конкурстук билдирмелер тең сандагы баллдарды алышса, анда алар рейтингдик тизмеге конкурска катышуу үчүн баардык документтердин пакетин берген убактысына жараша (хронологиялык ыраатттуулукта) киргизилет; баардык документтер бир убакта берилген учурда, ушул конкурстук билдирмелердин рейтингдик тизмесиндеги орунду аныктоо үчүн, комиссия тарабынан аныкталган тартипте чүчү кулак өткөрүлөт;
7) комиссиянын чечими менен, рейтингдик тизмеде конкурстук билдирмелери эң жогорку балл алган конкурстун катышуучулары жеңүүчүлөр деп табылат.
41. Конкурстук билдирмелерди баалоо конкурстук билдирмелерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып, 15 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
7. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу жана коомчулукту анын натыйжалары жөнүндө кабарландыруу
42. Жеңүүчү катары таанылган жергиликтүү демилгелердин саны, жергиликтүү бюджетте жергиликтүү демилгелерди каржылоого каралган каражаттардын көлөмүнө жараша комиссия тарабынан аныкталат.
43. Конкурстун натыйжалары жөнүндө комиссиянын чечими, комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет. Конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө комиссиянын чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.
44. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын тескемеси жана конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмеси, тескеме чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирилбестен, конкурстун жеңүүчүлөрүнүн атын жана аталышын, алар алган баллдарды көрсөтүү менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын расмий сайтына, ал эми ал жок болгон учурда – маалымат текчесине (тактасына) жарыяланат.
8. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу
45. Кара-Суу шаар мэриясынын аткаруучу органы конкурстун жеңүүчүсү менен (мындан ары – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси конкурстун натыйжаларын бекиткен күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) түзөт.
46. Конкурстук билдирменин негизинде Макулдашууга карата жергиликтүү демилгени ишке ашырууга техникалык тапшырма түзүлөт. Техникалык тапшырмага жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун макулдугусуз, конкурстук билдирмеде каралбаган кошумча иш-чаралар киргизилиши мүмкүн эмес.
47 Макулдашуу ушул Типтүү жобого карата 6-Тиркемеде формасы берилген жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Типтии макулдашуунун негизинде түзүлөт.
48. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо этап-этап менен жүзөгө ашырылат. Эгерде макулдашууда жергиликтүү демилгени этаптар боюнча каржылоо каралса, анда жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун ар бир этабы аяктагандан кийин, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына отчет берилет, ал жактырылгандан кийин жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун кийинки этабын каржылоо жүзөгө ашыралат.
9. Долбоорду көзөмөлдөө, мониторинг жана баалоо
49. Жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышын көзөмөлдөө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жүктөлөт.
50. Жергиликтүү демилге ишке ашырылгандан кийин жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төмөнкүлөдү берет:
- өздүк салымынын жана тартылган каражаттардын көлөмү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчет (жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкактарында пайдаланылган каржылык каражат, транспорт, орун жай жана башка мүлк жана аткарылган жумуштар ж. б.);
- отчетко тиркелет: жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун өздүк кошо-каржылоо каражаттарын жана башка тартылган каражаттардын киргизилгенин бышыктоочу документтер, Макулдашууда белгиленген талаптарга ылайык башка документтер.
Отчеттор ушул Типтүү жобого карата 7-Тиркемеде каралган форма боюнча берилет.
51. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө түзүлгөн обөекттерди муниципалдык менчикке өткөрүп берген учурда, бул обөекттерди кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
52. Кара-Суу шаар мэриясы аткаруучу органы төмөнкү предметке жергиликтүү демилгенин ишке ашырылышынын мониторингин жүзөгө ашырат:
- жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун Макулдашуунун шарттарын аткаруусунун;
- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдө жетишилген аралыктык жетишкендиктерди жана жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун аяккы натыйжаларын.
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы натыйжаларынын мониторинги жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон көйгөйлөрдү жана маселелерди чечүүнү талкуулоо жана жергиликтүү демилгенин Аткаруучусуна көмөк көрсөтүүнү уюштуруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
53. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Макулдашуунун шарттарын аткарбаган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Макулдашууну бир тараптуу тартипте бузууга жана каржылоону токтото турууга укугу бар.
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобого карата 1-Тиркеме |
Жергиликтүү демилгелерди каржылоого конкурс жөнүндө КУЛАКТАНДЫРУУ
1. Кулактандыруу датасы: "__" ______________ 20__-жылгода
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы______________________
3. Каржылоонун максималдуу суммасы ________________________________ сомов.
4. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү:_____________________________
5. Конкурска катышуу үчүн конкурстук билдирмени берүү үчүн зарыл документтер:
_________________________________________________________________________
6. Жергиликтүү демилге боюнча конкурстук билдирмелерди баалоо критерийлери:
________________________________________________________________________
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобого карата 2-Тиркеме |
Форма
Жергиликтүү демилге боюнча конкурска катышууга
АРЫЗ
Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар | ||
1 | Жергиликтүү демилгенин аталышы |
|
2 | Конкурстун катышуучусунун фамилиясы, аты, атасынын аты же аталышы |
|
3 | Конкурстун катышуучусунун – жеке адамдын дареги, конкурстун катышуучусунун – юридикалык жактын юридикалык дареги |
|
4 | Конкурстун катышуучусунун, конкурстун катышуучусунун жетекчисинин – юридикалык жактын телефон/факс номери |
|
5 | Конкурстун катышуучусунун электрондук почтасынын дареги (эгерде болсо) |
|
Тиркемелер:
1) ________________________________
2) ________________________________
3) ________________________________
Конкурстун катышуучусу | ________________________ колу | ||||
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобого карата 3-Тиркеме | ||
|
|
|
| ||
Форма
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕ БОЮНЧА СУНУШ
Конкурстун катышуучусунун атылышы: _____________________________________
Жергиликтүү демилгенин аталышы: _________________________________________
Конкурстун катышуучусу жөнүндө маалыматтар
Конкурстун катышуучусу ушул жергиликтүү демилгени аткаруу үчүн кандай ресурстарга ээ (каржылык, эмгектик, техникалык, маалыматтык ж. б.) _________________________________________________________________________
Сунушталган жергиликтүү демилге
Жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы: _____________________________________
Жергиликтүү демилгени максаттары: ________________________________________
(долбордун максатын так жана кыска аныктоо)
Жергиликтүү демилгенин милдеттери: _______________________________________
(жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун алкагында кандай милдеттер коюулат жана алар кадай чечилет, саналат)_________________________________________________________
Долбоордун максаттуу тобу(3):
Аймактык камтууну кошуп алганда, максаттуу топтун сыпаттамасы | Долбоор ишке ашырылуучу аймакта жашаган максатту топтун саны (жынысы, жаш-курагы боюнча ж. б. долбоор үчүн маанилүү социалдык топтор боюнча) | Долбоорду ишке ашыруунун алкагында камтуу пландалган максаттуу топтун саны (жынысы, жаш-курагы боюнча ж. б. долбоор үчүн маанилүү социалдык топтор боюнча) |
Күтүлгөн натыйжалар:
________________________________________________________________________
(Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжаларынын сыпаттамамалоо, сандык көрсөткүчтөрдү саноо, долбоорду ишке ашыруунун алкагында камтуу пландалган топ үчүн күтүлгөн натыйжаларды конкерттештирүү (жынысы, жаш-курагы боюнча жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча)
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИ ИШКЕ АШЫРУУ ПЛАНЫ
1-Милдет: (1-милдеттин туюнтмасын кайталоо)
Ишке ашыруу мөөнөтү | Иш-чаралар/иш-аракеттер | Иш чаранын катышуучулары жана алардын саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча) | Күтүлгөн натыйжалар | Бышыктоочу документтер |
(Мисалы: ишке ашыруунун 1-айы) |
|
|
|
|
(Мисалы: ишке ашыруунун 4-айы) |
|
|
|
|
2-Милдет 2: (2-милдеттин туюнтмасын кайталоо)
Ишке ашыруу мөөнөтү | Иш-чаралар/иш-аракеттер | Иш чаранын катышуучулары жана алардын саны (жынысы, жаш-курагы жана башка долбоор үчүн маанилүү социалдык категориялар боюнча) | Күтүлгөн натыйжалар | Бышыктоочу документтер |
(Мисалы: ишке ашыруунун 1-айы) |
|
|
|
|
(Мисалы: ишке ашыруунун 5-айы) |
|
|
|
|
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөөнөтү: 20__-жылдын ____ ______ тартып 20__-жылдын ____ _____ чейин.
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобого карата 4-Тиркеме |
Форма
ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕНИН БЮДЖЕТИ ________________________________________ (жергиликтүү демилгенин аталышы)
№ | Чыгымдар статьясы | Наркы | Статьянын жалпы наркы | Уюмдун өздүк салымы, тартылган каражаттар | Эскертүү | |||
1 | Чыгымдар | |||||||
| 1-Милдет | |||||||
| 1 Иш-чара |
|
|
|
| |||
| Статья |
|
|
|
| |||
| Статья |
|
|
|
| |||
| 2 Иш-чара |
|
|
|
| |||
| Статья |
|
|
|
| |||
| Статья |
|
|
|
| |||
| 1-милдет боюнча баары: |
|
|
|
| |||
| 2-Милдет | |||||||
| 2 Иш-чара |
|
|
|
| |||
| Статья |
|
|
|
| |||
| Статья |
|
|
|
| |||
| 2-милдет боюнча баары: |
|
|
|
| |||
| Баары: |
|
|
|
| |||
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
|
| |||
Конкурстун катышуучусу же катышуучу-юридикалык жактын жетекчиси | _______________________ (колу) | ______________________________ (Ф.А.А-а) |
| |||||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобого карата
5-Тиркеме
Баалоо баракчасы
Жергиликтүү демилгенин аталышы: ________________________________________
_________________________________________________________________________
№ | Баалоо критерийлери | Баллдар (1ден 5ке чейин) |
1 | Жергиликтүү жамааттын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн сунушталган жергиликтүү демилгенин маанилүүлүгү |
|
2 | Жергиликтүү демилгени ишке ашырууда жарандардын жергиликтүү жамааттын жашоосуна катышуу деңгээли |
|
3 | Жергиликтүү демилгенин турумдуулугу |
|
4 | Бюджеттин чыгымдарынын негиздүүлүгү жана жол берилгендиги |
|
5 | Өздүк салымдын көлөмү жана (же) кошумча тартылуучу каражаттардын өлчөмү |
|
7 | Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жаңычыл ыкмаларынын болгону |
|
8 | Жергиликтүү демилге калктын корголбогон катмарларынын –балдардын, аялдардын, карылардын, ДМЧА – чечүүгө багытталган |
|
9 | Долбоордуүжергиликтүү демилгени ишке ашыруудан оң натыйжаларды алуучу долбоордун максаттуу тобунун өкүлдөрүнүн (жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн) саны |
|
|
|
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө Типтүү жобого карата 6-Тиркеме |
Форма
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө
ТИПТҮҮ МАКУЛДАШУУ ______________________________________________ (аталышы)
"___" _________. | 20__-ж. | Шаар/айылдык аймак ___________ |
________________________________________________________________________
(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы)
(мындан ары – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы) атынан чыгуучу ____________________________________ (ыйгарым укуктуу адамдын Ф. А. А-а.), ________________________негизинде аракеттенүүчү, бир тарабынан, жана ____________________________________________ (жеке адам – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун же юридикалык жак – жергиликтүү демилгенин аткаруучусу – уюмдун аталышы) (мындан ары – жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу) атынан чыгуучу ___________________________________ (уюмдун жеткечисинин Ф.А.А-а. – юридикалк жактар үчүн), ____________________________ негизинде аракеттенүүчү, экинчи тараптан, төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1. Макулдашуунун предмети
1.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ____________ (____________________________________) сом өлчөмүндө жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылайт, ал эми жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Макулдашууда бекемделген Техникалык максаттарга, шарттарга ылайык жана тартипте каралган милдеттенмелерди аткарууга милдеттенет.
1.2. Акча каражаттарын максаттуу пайдалануу деп жергиликтүү демилгени ишке ашырууну каржылоо үчүн берилген жергиликтүү бюджеттин каражаттарын (жана башка каражаттарды _________________________________________________________________
_________________________________________________________________________ (конкурстун аталышы)
ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, бюджеттин чыгымдар статьсына ылайык пайдалануу эсептелет.
1.3. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу мөонөтү:
башталыш - "___" _______________ 20__-жыл;
аякталышы - "___" ____________ 20__-жыл.
2. Каржылоонун максаттары
2.1. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат: ______________________________________________________________________
_________________________________________________________________________
2.2. Каржылоонун максаттарынын кеңири сыпаттамасы ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган. Техникалык тапшырмада берилет.
3. Кара-Суу шаар мэриясынын укуктары жана милдеттери
3.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы төмөнкүлөргө милдеттенет:
- жергиликтүү демилгени ишке ашырууну ушул Макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып (________________) календардык күндүн ичинде каржылоого;
- зарыл болгон учурда, жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн каралган каражаттарга сатып алынган мүлктү, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусуна, же муниципалдык менчикте турган жана жергиликтүү демилгени аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актсынын негизинде Аткаруучунун убактылуу пайцдалануусуна өткөрүп берүүгө.
3.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун учурдагы жүрүшүн көзөмөлдөөнү жүргүзүүгө укугу бар.
3.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу жергиликтүү демилгени Аткаруучунун иштерине кийлигишүүгө укугу жок. Алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу мүлктүн максаттуу пайдаланылуусун жана Макулдашуунун талаптагыдай аткарылуусун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган иш-чаралар жергиликтүү демилгенин Аткаруучусун ишине кийлигишкендик деп эсептелбейт.
3.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунан ушул Макулдашууда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган каржылык жана статистикалык отчеттуулукту же башка маалыматтарды талап кылууга укуксуз.
4. Жергиликтүү демилгени Аткаруучунун укуктары жана милдеттери
4.1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан алынган мүлктү ушул Макулдашууда аныкталган гана максаттарга пайдаланууга жана Техникалык тапшырмада каралган милдеттенмелерди толук көлөмдө жана ушул Макулдашууда белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга милдеттенет.
42. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу, өзүнүн көз карашы боюнча Техникалык тапшырмада каралаган милдеттенмелерди аткарууга карата үчүнчү жактарды (жеке жана юридикалык) тартууга укуктуу.
43. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча, жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун натыйжаларын көзөмөлдөөнү жана баалоону жүзөгө ашыруу үчүн, анын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушууларды уюштурууга милдеттенет.
45. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Макулдашуунун негизинде алган мүлктүн эсебин, өзү ээлик кылган жана пайдаланган башка мүлктөн өзүнчө жүргүзөт.
46. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Сакулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аяктагандан кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан убактылуу пайдаланууга алган мүлктү кайтарып берүүгө милдеттенет.
5. Отчеттуулук жана көзөмөл
5.1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына төмөнкү отчеттерду берүүгө милдеттенет:
- жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү учурдагы (аралыктык) отчеттор _____________________________________берилет (мезгилдүүлүгү көрсөтүлөт) (эгер колдонулса);
- жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү жыйынтык отчет 20___-ж. “___“ _______________ кечиктирилбестен берилет.
5.2. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө учурдагы жана жыйынтык отчеттодо ошондой эле жеригиктүү демилгени ишке ашыруу үчүн алынган мүлктү пайдалануунун натыйжалары чагылдырылышы керек.
5.3. Жергиликтүү демилгени ишке ашырууга тешеси бар отчеттор, каржылык жана башка документтер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жиберилет.
54. Каржылоочу тарап жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө отчеттордун жактырылганы тууралуу жергиликтүү демилгенин Аткаруучусун жазуу жүзүндө кабарландырат.
6. Тараптардын жоопкерчилиги
6.1. Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ушул Макулдашуу боюнча өзүнүн утурлама милдеттенмелеринен баш тартууга жана ушул Макулдашууну бузууну жана жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунан ага өткөрүлүп бериген мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
7. Макулдашууну бузуу
21. Ушул Макулдашуу өзүнүн колдонулушун мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотот:
1) тараптардын макулдашуулары боюнча;
2) соттун чечими боюнча.
22. Ушул Макулдашуунун колдонулушу мөөнөтүнөн мурда токтогон учурда, жергиликтүү демилгенин Аткаруучусу берилген мүлктү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына _______ күндүн ичинде кайра кайтарып берет.
8. Макулдашууну өзгөртүү (толуктоо)
23. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууну өзгөртүүгө жана толуктоого жол берилет, ал жазуу жүзүндө жол-жоболонушу керек.
9. Кошумча шарттар
________________________________________________________________________
________________________________________________________________________
10. Талаш-тартыштарды чечүү
24. Ушул Макулдашуу боюнча талаш-тартыштар келип чыккан учурда, тараптар аларды өз ара сүйлөшүү жолу менен чечүүгө карата бардык чараларды көрүшөт.
25. Ушул Макулдашуу боюнча талаш-тартыштарды сүйлөшүүлөр жолу менен жөнгө салууга мүмкүн болбогон учурда, тараптар аларды сот тартибинде чечишет.
11. Корутунду жоболор
26. Ушул Макулдашуу тараптар кол коюшкан учурдан тартып күчүнө кирет жана 20____-ж. “____” ___________ чейин колдонулат.
27. Ушул Макулдашуу ар бир тарап үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлгөн.
28. Төмөнкү тиркемелер ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат:
1) Техникалык тапшырма – сунуш (жергиликтүү демилгенин сыпаттамасы);
2) Жергиликтүү демилгенин бюджети;
3) Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу боюнча отчеттун формасы.
12. Тараптардын колдору жана дайын-даректери
___________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) |
| _____________________________________ (Ф.А.А-а. же жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун аталышы)
| ||
Дареги: ________________________________ |
| Дареги: ________________________________ | ||
Банктык дайын-даректер: Банк: _________________________________ Б/эсеп: ________________________________ БИК: __________________________________ Жетекчи: __________________________ (Ф.А.А-а.) ____________________________________ (колу) |
| Банктык дайын-даректер: Банк: ________________________________ Б/эсеп: _______________________________ БИК: _________________________________ Ф.А.А-а. же Жетекчи: _________________________ (Ф.А.А-а.) ____________________________________ (колу) | ||
|
|
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө Типтүү келишимге карата Тиркеме | ||
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө
ОТЧЕТ
Иш-чаралар жана аткарылган жумуштар: 1-Милдет 1-Иш-чара Датасы ___________________________ Аталышы _______________________ Натыйжалары _____________________ Катышуучулардын саны жана сыпаттамасы (кайсы максаттуу топтор катышты, катышуучулардын тизмелери) 2-Иш-чара Датасы ___________________________ Аталышы _______________________ Натыйжалары _____________________ Катышуучуларды саны жана сыпаттамасы ((кайсы максаттуу топтор катышты) (катышуучулардын тизмелерин тиркегиле)
2-Милдет 2-Иш-чара Датасы ___________________________ Аталышы _______________________ Натыйжалары _____________________ Катышуучулардын саны жана сыпаттамасы (кайсы максаттуу топтор катышты, катышуучулардын тизмелери) Жергиликтүү демилгенин жеткен максаттарын жана милдеттерин талдоо
Максаттуу топ (топтор) үчүн күтүлгөн натыйжаларга жетүү:
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө комментарийлер
М.О. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу жөнүндө ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТ
| Чыгымдар статьясы | Жергиликтүү демилгенин Аткаруучусунун өздүк салымы, тартылган каражаттар | Эскертүүлөр | ||
| чыгымдар | ||||
| 1-Милдет | ||||
| 1-Иш-чара |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| 2-Иш-чара |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| 1-милдет боюнча баардыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 2-Милдет |
|
|
|
|
| 2-Иш-чара |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| Статья |
|
|
|
|
| 2-милдет боюнча баардыгы: |
|
|
|
|
| Баардыгы: |
|
|
|
|
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
|
|
Жергиликттүү демилгенин Аткаруучусу | __________________________________________________________ (колу, Ф.А.А-а.) |
М.О. _________________
Эскертүү:
(1) Катышуучу _________дан (минималдуу) ________чейин максималдуу) жыйынтык балл ала алат.
(2) Анын кызыкчылыгында иштер жүзөгө ашырылуучу максаттуу топтун саны жана мүнөздөмөсү (жынысы, жаш-курагы жана башка социалдык көрсөткүчтөр), долбоордун камтыган аймагы: айыл, шаар, район, облус, республика.
(3) Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу планында, иш чаралардын катышуучуларын жана алардын санын көрсөтүү менен, хронологиялык тартипте ар бир коюлган милдет боюнча иш-чараларды кеңири сыпаттамалоо зарыл. Күтүлгөн натыйжаларды жеңил өлчөөгө жана баалоого боло турган индикаторлорду пайдалануу, өткөрүлгөн иш-чараларды жана анын натыйжаларын бышыктоочу документтерди көрсөтүү керек.
(4) Конкурстун шарттары боюнча жергиликтүү демилгенин Ишке ашыруучусунун өздүк салымы талап кылынган учурларда.
(5) Келтирилген формат боюнча конкурстук билдирмеге ылайык өткөрүлгөн бардык иш-чараларды саноо.
(6) Мындан ары ар бир милдет жана ар бир иш-чара боюнча ушуга окшош.