Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-октябры №10/5
Кара-Суу шаарынын 2019-жылга кабыл алынган бюджетинде каралган чыгымдардын бөлүмдөр арасына которуу жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2019 - жылдын 17-октябрындагы кезектеги отурумунун протоколун карап жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2019-жылдын бюджетинен Нурахунов көчөсүнө темир бетондон латок орнотуу үчүн каралган 500,0 миң сом акча каражатынын 452994 сом акча каражаты шаардагы Пионер, Орозбеков, Нурахунов жана Крылов көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу орнотуу иштерине жумшалсын.
2.Кара-Суу шаар мэриясы:
- мектептин 70921 бөлүм 223 статьясынан суунун карызын 868,0 миң сом өлчөмүндөгү сумманы ЖКХ 70926 бөлүмдүн 2215 түрдүү чыгымдар статьясына жылдырылып, кредиттин пайызы төлөнсүн.
- социалдык комитетинин отурумунун протоколун атикаруу үчүн 70825 бөлүмдүн 2215 статьясынан 93,0 миң өлчөмүндө акча каражаты 71093 бөлүмүнүн 2721 статьясына жылдырылсын.
- эски май экстрактоочу заводко тиешелүү жер аянтынын канча аймагынын багыты өндүрүштүк багыттан турак жай багытына өзгөртүлүп берилгендиги боюнча шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен биргеликте маалымат берсин
- Ош Пирим ЖЧК ж.б. көмүр сатуучу ишканалардын көмүрүн ташып өтүп жаткан оор жүк ташуучу автоунааларынын шаардын ички жолдорунда жүрүү тартиби боюнча чара көрсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Хатамов |