Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-августу №96/21
Жазы айыл аймагындагы мектептердин 2019-2020-ж жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө
Жазы айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын Ж.Мойдунов. Т.Ташмаматов, Абдурасулов,А.Абдыкеримов орто мектептеринин 2019-2020-ж жаңы окуу жылына карата даярдыгын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жазы айыл аймагындагы Ж.Мойдунов,Т.Ташмаматов, Ж.Абдурасулов, А.Абдыкеримов орто мектептеринин 2019-2020-ж жаңы окуу жылына карата даярдыгы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөт тарабынан жыл башынан бери каралган акча каражатын төртүнчү кварталга чейин бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
3. Кээ бир чарбалык иштерди көйгөйлөрдү чечүү боюнча мектеп директорлору инвестиция тартуу иштерин колго алышсын.
Төрага | Ж.Акматов |