Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 06-августу №192
Айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы кайракы жерлерди ижарага берүүдө ижара акысы жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы кайракы жерлерди ижарага берүүдө ижара акысы жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексизXVIII–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы кайракы жерлерди ижарага берүүдө 2019-жылдын бюджеттик планга коюлган 50 га кайракы жерлерди түз берүү жолу менен ижарага берүүдө 42,1 га жер гана берилген .Анын ичинен5 га жер айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөргө айыл өкмөтү тарабынан социалдык жактан колдоо үчүн бекер берилгендиктен ижарага 37,1 га кайракы жер берилген. Мындан 7,9 га кайракы жерди ижарага алууну каалоочулар болбогондуктан берилген жок. Ошондуктан бюджеттик планга белгиленген 25000 сом ижара акысы 37,1 га кайракы жерге 18550 сом болуп өзгөртүлсүн.
2. Айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусундагы кайракы жерлерди ижарага берүүдө ижара акысынын өзгөртүлүшү боюнча райондук тиешелүү мекеме-уюмдарга маалымат берүү жана токтомдун көчүрмөсүн жеткирүү жагы Арал айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси О.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Н.Т.Асанов |