Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры №193
К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин спорт залын ремонттогоайыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылдык кеңештин төрагасынын айыл аймагындагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин спорт залын ремонттого Талас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына спорт залды ремонттого түзүлгөн жумуш орундарына эмгек акысын төлөө тууралу жазылган долбоордун негизинде айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ремонт иштерине өздүк салым катары акча каражаттын бөлүү жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин спорт залын ремонттого 2019-жылдын бекитилген бюджетинде айыл аймагындагы мектептерди орг. техникалар менен камсыз кылууга каралган акча каражат эсебинен 208,0 миң сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Н.Т.Асанов |