Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры №194
Айыл тургундарынын арыздарын кароо жана жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн колдонулбай калган каражатты пайдалануу жөнүндө
Айыл тургуну Картабаев Русландын кызы Руслан кызы Мадинанын операциясына материалдык жардам сурап жазган арызын, айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн колдонулбай калган каражатты пайдалануу жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып,депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XVIX–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын бюджеттик жылдын аягына түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелер, ошондой эле кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн колдонулбай калган каражат эсебинен статья 3111-1500,0 миң сомдон статья 2215 ке 100,0 мин сому которулуп, бул акча каражаты Руслан кызы Мадинанын операциясына материалдык жардам катары берилсин.
2. 2019-жылдын бекитилген бюджетиндеги статья 3111 деги 800,0 миң сомдон статья 2215 ке 225,0 миң сому отургузулуп, отургузулган акча каражатытөмөндөгү чыгымдарга жумшалсын. Алар:
Улуттук көчмөндөр оюнуна 117,0 миң сом;
Айлана –чөйрөнү коргоого 37,0 миң сом;
Орг.техникалардын ремонтуна 50,0 миң сом;
М.Сейталиев орто мектебине жаңы жылдык балаты жасалгасы менен алып берүүгө 20,0 миң сом;
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага | Н.Т.Асанов |