Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-декабры №198
Республикалык бюджет менен өз ара эсептешүүдөн келген акча каражатын айылдагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө керектүү эмеректерди жана электр жылыткычтарын алуу үчүн пайдалануу жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Апышовдун республикалык бюджет менен өз ара эсептешүүдөн келген акча каражатын айылдагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө керектүү эмеректерди жана электр жылыткычтарын алуу үчүн пайдалануу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап чыгып,Депутаттардын Арал айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджет менен өз ара эсептешүүдөн келген 416,6 миңсом акча каражаты айылдагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө керектүү эмеректерди жана электр жылыткычтарын алууга жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын
Төрага | Н.Т.Асанов |