Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №33/2
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунан Дөбөлү айылындагы Ѳ.Токтосунов орто мектебине арендага берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусуна кирген Дөбөлү айылындагы «Корма-Цех» участкасындагы Дөбөлү айылынын тургуну Кененбаев Токтобек пайдаланып жүргөн 2га жерди Дөбөлү айылындагы Ѳ.Токтосунов орто мектебине арендага берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусуна кирген Дөбөлү айылындагы «Корма-Цех» участкасындагы Дөбөлү айылынын тургуну Кененбаев Токтобек пайдаланып жүргөн 2га жерди Дөбөлү айылындагы Ѳ.Токтосунов орто мектебине 2020-жылдан баштап көмөкчү чарбага пайдалануу үчүн арендага берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси Б.Токталиевге тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж |