Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры №38/1
Дөбөлү айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2019-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы айтылган сунуш пикирлерди эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 3108592 (үч миллион бир жүз сегиз миң беш жүз токсон эки)сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын маданият үйүнүн жылуулук системасын орнотуу жана эшик терезелерин алмаштыруу долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 683890 (алты сексен үч миң сегиз жүз токсон) сом 2020-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж |