Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 10-декабры №38/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча келген акча
каражатын пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине кошумча келген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине республикалык бюджеттен кошумча келген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 416,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяга жумшалсын:
-Алыш айылынын ички жолдоруна шагыл төгүүгө (Деффект актынын негизинде бекитилген смета боюнча) 416,6 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж |