Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-декабры №39/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча келген акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине кошумча келген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү максатында Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине республикалык бюджеттен кошумча келген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү 600,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Аталган сумма төмөндөгү статьяга жумшалсын:
-Алыш айылынын ички жолдоруна шагыл төгүүгө (Деффект актынын негизинде бекитилген смета боюнча) 500,0 миң сом ;
-Сапар чыгымдарына 60,0 миң сом;
-Башка кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө 40,0 миң сом
Мунун ичинен: Ө.Токтосунов атындагы орто мектептин капиталдык ремонтунун сметасын түзгөнгө райондук архитектурага 30,0 миң сом;
Экологияга 10,0 миң сом
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж |