Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №27
“ Айгул-Таш” тоосун Баткен токой чарбасынын карамагына өткөрүпберүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгынын 2019-жылдын 28-ноябрындагы № 01-8/382 катынын негизинде Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Б.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Булак айылдык Кенешинин 2017-жылдын 18-майындагы 6-чакырылышынын 6-сессиясынын № 24 токтомуна толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылындагы “Айгул-Таш”тоосунун жалпы аянты 253,9 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер “жер категориясынан “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери “
категориясына которууга жана Баткен токой чарбасынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |