Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №29
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айындагы социалдык экономикалык өнүгүү программалары жөнүндө
Кара-Булак айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун 2019-жылын 9 айындагы айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы боюнча аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине айыл өкмөтүнүн аймагында инвестиция тартуунун көлөмүн жогорулатуу,айылдарда маданиятты өнүктүрүү ,айлана чөйрөнү көрктөндүрүү жана аткарылган иштердин сапаттуулугун кароо жагы тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |