Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №32
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2021-2022 жылдар үчүн бюджетинин божомолун бекитүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери 19442,6 мин сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалар боюнча бюджети 19442,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери боюнча болжолу 20343,6 мин сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалар боюнча бюджетинин болжолу 20343,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери боюнча болжолу 20767,3 мин сом өлчөмүндө, ал эми чыгашалар боюнча бюджетинин болжолу 20767,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |