Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №33
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылып жаткан иштерге өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекташовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Булак айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында долбоордун негизинде аткарыла турган Кара-Булак айылына жаныдан курула турган кичи футбол аянтчасынын өздүк салымы үчүн 1 млн сом ,Бужум айылынын көчөлөрүнө тротуар куруу жана жарыктандыруу үчүн өздүк салым үчүн 1 млн сом Кара-Көл каналын калыбына келтирүүгө өздүк салым үчүн 1 млн сом жана Бужум айылындагы ички жолдорго шагал төшөө үчүн 40000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинен каралып бөлүнүп берилсин
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | И.Тилеков |