Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №62
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 9 ай ичинде аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 9 ай ичинде аткарылгандыгы жөнүндө даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2019-жылдын 9 ай ичинде аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |