Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №67
Дара айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы бала бакчага ат кою жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы 25 орундуу балдар бакчасына ат коюлсун.
-Мамлекеттик тилде толук аталышы: “Сары-Талаа” балдар бакчасы
-Расмий тилде: Детский сад “Сары-Талаа”
2. Дара айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылындагы “Сары-Талаа” балдар бакчасынын Жобосу бекитилсин.
3. Бала-бакчага тиешелүү болгон юридикалык документтерин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (У.Примов) жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |