Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №68
Жаңырык айылындагы “Башат” балдар-бакчасын толук күндүү тайпага которуу жөнүндө
Дара айыл аймагынын Жаңырык айылындагы “Башат” балдар-бакчасын толук күндүү тайпага которуу боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын Жаңырык айылындагы “Башат” балдар-бакчасы 2020-жылдан баштап толук күндүү тайпага которулсун.
2. Бала-бакчанын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүлсүн жана тийешелүү болгон каражаттар менен камсыз кылуу жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |