Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №69
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын Атылган-Таш участкасындагы 148,6га жер аянтынын генералдык планын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын Атылган-Таш участкасындагы 148,6га жер аянтынын генералдык планын түзүү боюнча Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасындагы 148,6га жер аянтынын генералдык планын түзүүгө макулдук берилсин.
2. Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасындагы 148,6га жер аянты айыл өкмөтүнүн эсебинен тегизделип (планировка), кеткен чыгымдары жер алуучулардын эсебинен толуктоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Жер аянттарынын генералдык планын түзүүгө тийешелүү болгон иш-кагаздарын мыйзамдуу жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге жана тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |