Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №71
“Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фондуна 100 үй-бүлөгө турак-жай куруу үчүн 3 Га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын оңдоо, шарт түзүү максатында даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы социалдык объектилерге калтырылган муниципалдык менчик жеринен “Ас-Сафа борбору” кайрымдуулук фондуна 100 үй-бүлөгө турак-жай куруу үчүн 3 Га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Курулуш иштерине тийешелүү болгон иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге жана тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |