Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-октябры №72
Жаңырык айылынан Коргон-Таш айылына жаңыдан курулган жөө өтүүчү көпүрөгө Тажибаев Жээнбайдын атын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана айыл тургундарынын жашоо шартын оңдоо, элдерге шарт түзүү максатында Жаңырык айылынан Коргон-Таш айылына жаңыдан курулган жөө өтүүчү көпүрөгө Тажибаев Жээнбайдын атын ыйгаруу боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү жана айыл тургундарынын жашоо шартын оңдоо, элдерге шарт түзүү максатында Жаңырык айылынан Коргон-Таш айылына жаңыдан курулган жөө өтүүчү көпүрөгө Тажибаев Жээнбайдын атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге тапшырылсын.
Төрага | М.Султанов |